ВЕНГРИЯ МЕНЕН КЫТАЙдын ЖОЖдоруна ТАНДОО БАШТАЛДЫ

  • 18.02.2021
  • 0

Венгриянын жана Кытайдын жогорку окуу жайларына кабыл алуу сынактары жүрүп жатат. Талапкерлер 17-18-19-февралда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде тест тапшырды. Эмки жумада изилдөө планы менен тааныштырып, аңгемелешүүдөн өтүшөт.

Венгрия тарабынан бөлүнгөн 150 орунга беш жүзгө чукул адамдан өтүнмө түшүп, анын үч жүздөн ашууну ат салышууда.  Документтер Билим берүү жана илим министрлигинде жана Венгер тарапта он лайн кабыл алынды.

—        Негизи талап боюнча документтер эки жакка тең бирдей тапшырылышы керек болчу. Бирок ортодо бир аз айырма чыгып калды. Мисалы, Венгрия тарапка 483 өтүнмө түшсө, биздин системага 424 гана катталды. Документтерди техникалык кароодон өткөргөндө анын 305 гана тестке кирүүгө уруксат берилди. Калган 119 өтүнмө документтер толук тиркелбегендиктен артка кайтарылды. Документтерди кабыл алуу аяктап жатканын 20-декабрда жана 28-январда эки жолу эскерткенбиз. Быйыл министрлик атайын платформа иштеп чыгып, документтер онлайн кабыл алынды. Ал суткасына 24 саат бою дем алуусуз, көз карандысыз иштеди, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Мааткеримова Чынара.

ВЕНГРИЯ МЕНЕН КЫТАЙдын ЖОЖдоруна ТАНДОО БАШТАЛДЫ

ТЕСТТИРЛӨӨНҮН ЖҮРҮШҮ

Талапкерлер тестти англис тилинен жана тандап алган тармагына байланыштуу эки сабактан тапшырды. Суроолор Улуттук тест борбору тарабынан мектеп программасынын алкагында түзүлдү. Ар бир сабак боюнча 20дан суроо берилип, ар бир талапкерге ар башка тесттер сунушталды. Ал үчүн бир жарым миңден ашуун суроо түзүлгөн.  Башкача айтканда, бир талапкер менен экинчи талапкердин тести бири-бириникине окшогон жок.  Тестирлөө бир жарым саатка созулду. Алдын ала даярдануу үчүн ар бир предмет боюнча сайтка сыноочу тесттер салынган. Тестке талапкерлер жашыруун шифрленген код менен кирди. Жыйынтыгы дагы расмий сайтка ошол код менен чыгарылды. Башкача айтканда, жалпы рейтингге мурункудай талапкерлердин  аты-жөнү эмес, шифр коду жазылды.

  • Талапкер баардык суроолорго жооп берип, бүттү деген кнопканы басары менен дароо жыйынтыгы чыгып, колуна топтогон баллы жазылган эки талон берилди. Анын бирөөнү өзү алса, экинчисин Улуттук тестирлөө борборуна өткөрдү. Талапкердин канча балл алганы дароо эшиктеги интерактивдүү экранга да чыгып жатат. Жалпы рейтинг тест өткөн күнү түнкү саат 24.00го чейин министрликтин сайтына жайгаштырылууда. Дароо жыйынтык чыгаруу — сынактын ачык-айкын өтүп жатканынын күбөсү. Жыйынтыкты эч кимди аралаштырбай, кийлигиштирбей туруп чыгарып жатабыз. Болгону бир аз убакытты алат экен. Анткени ар бир багытка канча өтүнмө келсе ошого жараша квотаны бөлүштүрүшүбүз керек болот. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн баардык багытка бирдей бөлүштүрүүгө аракет кылдык. Эмнегедир быйыл медициналык адистиктерге азыраак тапшырышты. Ага караганда социалдык-гуманитардык багытты тандагандар көп болду, — дейт Чынара Мааткеримова.

ВЕНГРИЯ МЕНЕН КЫТАЙдын ЖОЖдоруна ТАНДОО БАШТАЛДЫ

КАБЫЛ АЛУУ ЭТАПТАРЫ

Кабыл алуу үч этапта өтөт. Биринчи этапта документтер кабыл алынып, техникалык кароодон өтсө, экинчи этабында баардык талапкерлер тест тапшырып, магистратура жана докторантурага бара жаткандар изилдөө планын жазып, комиссияга тааныштырат. 3-этапта кайрадан баардыгы  аңгемелешүүдөн өтүшөт. Анда англис тилин билүү деңгээлине басым жасалат. Анткени талапкерлер барган мамлекетинде англис тилинде гана окушат.  Аңгемелешүү быйыл биринчи жолу болуп жатат. Аны былтыркы кабыл алуу  комиссиясы сунуштаган. Себеби бир эле тестирлөө менен талапкердин билимин, деңгээлин, жөндөмүн баалоо мүмкүн эмес.

Босого балл коюлган жок. Жогорку балл топтогондор улам  кийинки этапка өтө берет, төмөнкү балл алып калгандар четтетилет. Жыйынтыгында 150 орунга 150 талапкер жана резервге дагы бир канчасы сунушталат. Кыргызстан тарап сунуштаган тизме акыркы чечим деп эсептелбейт. Акыркы чечимди кабыл алуучу тарап чыгарат.

БӨЛҮНГӨН ОРУНДАР ТУУРАЛУУ

Венгрия быйыл Кыргызстан үчүн  жалпы 150 орун берди. Анын алтымыш беши медицина, маалыматтык технологиялар (IT), инженерия, табигый, айыл чарба, коомдук, экономикалык, саясий, спорт илимдери боюнча вакалавр программасына, дагы алтымыш беши медицина, маалыматтык технологиялар (IT), инженерия, табигый, айыл чарба, коомдук, экономикалык, саясий, спорт илимдери боюнча магистрдик программаларга бөлүндү. Калган жыйырмасы баардык багыттар боюнча докторантурага берилди.

Кытай тарап кыргызстандыктар үчүн 18 орун бөлдү. Онлайн платформага 99 киши катталып, жетимиш экисинин документи кабыл алынды. Калган 27 документтерин толук тиркеген эмес.

КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ

Тандоо таза жана акыйкат өтүшү үчүн комиссиянын курамы тууралуу маалымат азырынча жашыруун бойдон калат. Болгону комиссияга жарандык коомдон, академиялык чөйрөдөн, эл аралык университеттерден, министрликтин коомдук кеңешинен мүчөлөр киргендиги айтылды.  Төрагасы жарандык коомдун өкүлү. Арасында тил алып жүрүүчүлөр да бар. Анткени аңгемелешүү учурунда суроолор орусча, кыргызча, англисче берилет.  Курамга министрликтин бир дагы кызматкери кирген жок. Министрлик болгону уюштуруучу катары иш алып барууда.

ҮЧ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛӨТ

Чет мамлекеттерге жөнөтүлө турган талапкерлер менен үч тараптуу келишим түзүлөт. Алар окуусун бүткөндөн кийин кайра Кыргызстанга кайтып келип, эки жыл мамлекеттик мекемеде же жеке сектордо иштеп берүүгө милдеттендирилет. Алар окууну бүткөнчө министрлик менен байланышты үзбөй, жетишкендиктери, ийгиликтери менен бөлүшүп турат. Бүтөөрүнө аз калганда министрлик иш орундарын сунуштайт. Алар сунушталган орундардан баш тартып, өздөрү каалаган мекеме же ишканада иштесе да болот. Бирок ал Кыргызстанда болушу керек.

  • Бул министрлик үчүн чоң милдет. Буюрса, магистратурага тапшырып жаткандар эки жылдан кийин кайра кайтып келет. Ага чейин кайсы министрликте кандай адис жетишпей жатканын билүү максатында Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте ведомстволор аралык база түзөбүз. Андан сырткары чет мамлекеттерден окуп келгендер менен Бүтүрүүчүлөр ассоциациясын түзүүнү пландап жатабыз, — дейт Чынара Нурсапаровна.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер