ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ТОП “ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫНЫН БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 06.04.2023
  • 0

5-апрелде “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык топтун отуруму өткөрүлдү.

ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ТОП “ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫНЫН БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өткөн жыйынга билим берүү жана илим министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар билдирмелерди чогултуу тартиби, жеке жактар тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча негизги компетенцияларды калыптандыруу боюнча курс, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча минималдуу талаптар, бекитилген пландын мониторинги, эл аралык макулдашууларды талдоонун натыйжалары жана өнөктөштөрдү картага түшүрүү жөнүндө баяндамаларды угушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер