“V Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасы

  • 30.05.2024
  • 0

30-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде “V Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасынын алкагында “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана экономикалык реформасы” аттуу тегерек стол өттү.

“V Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасы

Тегерек столдо К.Ш. Токтомаматовдун илимий эмгектерин кароо менен бирге экономика багытында бир катар баяндамалар окулуп, алар боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Тегерек столдун алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү, экономикалык реформалар, банк ишмердиги, айыл чарба жана анын өндүрүмүн кайра иштетүү, инновациялар, инвестициялар, жашыл экономика, өнөр жайды өнүктүрүү, каржы базары сыяктуу маселелер каралды. Баяндамалар, кароо-талкуу жыйынтыктары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” атуу илимий-популярдык журналда жарык көрөт.

“V Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасы

Бул тегерек стол ЭАУнун туңгуч ректору, Кыргыз Республикасында базар экономикасын изилдөө боюнча өз алдынча илимий мектептин негиздөөчүсү, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын академиги Кантөрө Токтомаматовдун илимий ишмердигине арналган жыл сайын өткөрүлүүчү илимий иш-чара.

“V Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасы

К.Ш. Токтомаматов өз мезгилинде экономикалык мазмундагы үч жүздөн ашык илимий эмгектин автору болгон, анын  ичинде бир катар монографиялары, окуу китептери жана колдонмолору, экономикалык сөздүктөр, илимий макалалар.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер