КЫРГЫЗСТАНДА «ТАЗА ЖАШОО» ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ

  • 01.03.2018
  • 0

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду, ага ылайык 2018-жылдын 1-мартынан 31 мартына чейин шаарларды жана республиканын калктуу пунктарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана аймактарды жашылдандыруу боюнча үч айлык өткөрүлмөкчү.

Белгиленген демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.

1-мартта болгон жыйындын жүрүшүндө  Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов өлкөнүн бүтүндөй региондорундагы социалдык инфраструктураны, шаардагы жана айылдагы объектилердеги санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу жана аймактарын көрктөндүрүү үчүн үч айдын ичинде Өкмөт тарабынан мамлекеттик жана коомдук мекемелердин ресурстары мобилизацияланат деп белгиледи.

«Бул коомчулуктун масштабдуу мобилизациясы жана алдыдагы жайкы туристтик сезонго болгон даярдык. Компаниянын алкагында жер жерлерде санитардык абалды жакшыртуу жана ар бир айылды жашылдандыруу боюнча жалпы ишембиликтер уюштурулуп турат. Тазалоо жана көрктөндүрүү комплекстүү түрдө жүргүзүлөт», — деди Эмилбек Бусурманкулов.

Анын айтымында, өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары үчүн тазалоого тийиштүү территориялардын картасы иштелип чыгат. Ал ошондой эле, бардык питомниктер тийиштүү көлөмдөгү көчөттөрдү берүүгө даяр экенин белгиледи.

Эмилбек Бусурманкулов кошумчалагандай, үч айлыктын алкагында атайын экологиялык акциялар жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Кампания маданий иш-чаралар: тематикалык көргөзмөлөр жана инсталляциялар, музыкалык иш-чаралар, көркөм сынактар менен коштолот. Андан тышкары региондор жана жергиликтүү бийлик ортосунда сынак жарыяланып, анын жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлыктар берилет.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиеванын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн жаштарды, коомчулукту жана бизнес өкүлдөрүн мобилизациялоодо жана экологиялык масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө чоң тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдар, фонддор чакырылат деп маалымдады.

«Акция туруктуу болушу кажет. Мында коомчулуктун колдоосу керектелет. Биз өсүп келе жаткан муунду экологиялык маданиятка үйрөтүшүбүз жана алардын өз айылы, шаары жана өлкөсү үчүн жоопккерчилигин калыптандырышыбыз керек. Алдыбызда бир учурда көптөгөн адамдардын катышуусундагы ири иш-чараларды ырааттуу уюштуруу милдети турат. Ошол себептен, бизге волонтерлорду окутуучу коомдук уюмдар жардам берет», — деди Гүлнура Торалиева.

Ал кошумчалагандай, акция ыктыярдуу мүнөзгө ээ, мында туруктуу талаптарга: таштандыны бөлүп чогултуу маданиятына, жаратылыш кучагында эс алууда табийгатка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого басым жасалат. Акция алкагында экологияга жоопкер мамилени жөнгө салуучу тийиштүү мыйзамды даярдоо үстүндө иш жүргүзүлөт.

Белгилүү болгондой «Таза жашоо» долбоорунун алкагында мобилдик тиркеме иштелип чыгат, анда ар бир адам тазалоо, жашылдандыруу өткөрүлгөн аймакты белгилей алат.  Бул картанын жардамы менен аймактагы иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп турууга болот.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү уюштуруу комитетинин ишине төмөнкү коомдук уюмдарды кошууну сунуштады:

— Чыныбаева Айжан – коомдук ишмер, «Таза Ысык-Көл» кыймылынын демилгечиси, «Эко Деми» КФ уюштуруучусу;

— Андреев Дмитрий — «ЖашылБилик» КФ;

— Мамбетмусаева Венера — «Эко Деми» КФ;

—  Суйунова Гульбарчин – «EnactusKgTims» АК;

— Арстанбекова  Асель  —  Борбор Азия КСЖ агенттигинин директору, туруктуу өнүктүрүү жана КСЖ боюнча ЭИК комитетинин төрагасы;

— Ветошкин Дмитрий — «И АрчА Демилгеси»;

— Каниметова Бермет — «Жаштар демилгелерин өнүктүрүү фонду» КФ;

— Кульбараков Чынгыз — Жалал-Абад шаарынын «Билимкана» мектебинин өкүлү;

— Азамат Темиркулов — «Мурас Кыймылы» өкүлү.

Ошондой эле Уюштуруу комитети деталдык пландарды иштеп чыгууну чечти:

 — Уюштуруу комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги үч күндүк мөөнөттө үч айлыкты өткөрүү боюнча өз сунуштарын берүүсү;

— КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги он күндүк мөөнөттө үч айлыкты өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитүүсү жана Өкмөттүн кароосуна алып кирүүсү;

 — Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 2018-жылдын март-май айларына карата Кыргыз Республикасынын шаар кыштактарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер