В.И.ЧКАЛОВ АТЫНДАГЫ №2 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ «МЫКТЫ КАБИНЕТ» СЫНАГЫНЫН БАШ БАЙГЕСИН ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 17.04.2018
  • 0

Нарын шаардык билим берүү бөлүмү 2017-2018-окуу жылынын башталышында окуу кабинеттерди жасалгалоо боюнча сынак жарыялаган. Анын алкагында сынакка 54 иш келип түшкөн. Сынактын шарттарына жооп берген иштерди талдап чыккан калыстар тобунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

В.И.Чкалов атындагы №2 орто мектебинин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Сабыркул Жумамүдүновдун жасалгалаган кабинети мыкты деп табылып, сынактын баш байгеси ыйгарылды.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы баш байге ээсин куттуктап, баалуу сыйлык менен бирге диплом тапшырды.

Сабыркул Жумамүдүнов 32 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Бул жылдар аралыгында окуучулары бир катар ийгиликтерге жетишти. Өткөн окуу жылында эле анын окуучулары аскерге чейинки даярдык боюнча өткөрүлгөн облустук сынактын жеңүүчүсү болгон. Жакында өткөн республикалык сынакта бир окуучусу «Согуш мезгилиндеги ырлар» номинациясында 1-орунду камсыз кылган.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер