БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ КЛАССКА 520 БАЛА КАТТООДОН ӨТТҮ

  • 19.02.2019
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирген маалыматка ылайык, азыркы учурда “Мектепке электрондук каттоо” системасында 520 арыз катталды.

БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ КЛАССКА 520 БАЛА КАТТООДОН ӨТТҮ

Ар бир саатта жыйырмадан кыркка чейин адам катталууда. mektep.edu.gov.kg сайтына сегиз миңден ашык адам кирди.

“Мектепке электрондук каттоо” долбоору – бул мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Долбоор Бишкек шаарында ишке киргизилди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер