“УЮТКУЛУУ ОКУУ ЖАЙЫМ — СЫЙМЫГЫМ”

  • 24.04.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети профессордук-окутуучулар курамынын арасында окуу жай тууралуу “Уюткулуу окуу жайым — сыймыгым” аттуу эссе жазуу боюнча онлайн сынак жарыялады.

“УЮТКУЛУУ ОКУУ ЖАЙЫМ - СЫЙМЫГЫМ”

Сынак университеттин жаштар менен жүргүзүлүүчү 2019-2020-окуу жылына карата бекитилген комплекстүү иш пландын негизинде уюштурулат. Сынак учурдагы пандемия шартында педагогдук парзын ак дилден аткарып, дистанттык технологияларды колдонуу менен студенттерге билим-тарбия берип жаткан университеттин профессордук-окутуучулар курамынын тилектештигин жана окуу жайга болгон пикирин ачыктоо максатын көздөйт.

Талап боюнча катышуучу университеттин билим берүү тармагындагы учурдагы жана тарыхтагы алган ордун ачып берүүсү, окуу-тарбия иштериндеги ийгиликтерди жана жетишкендиктерди белгилөөсү, негизги өзгөчөлүктөрдү көрсөтүүсү, университеттин заман талабына жараша жаңыча өнүгүү багыттарын сунуштоосу, ардактуу бүтүрүүчүлөрүнүн коомдогу алган ордун белгилөөсү, сыймыктуу педагогдорунун бейнесин, сыймыктуу студенттеринин ийгиликтерин ачып берүүсү керек.

Биринчи орунду алган окутуучуга ноутбук, экинчиге нетбук, үчүнчүгө планшет жана 1, 2, 3-даражадагы дипломдор, кызыктыруучу сыйлыктар каралган. Сынакта мыкты деп табылган эмгектер атайын жыйнак болуп басмадан чыгарылат жана университеттин сайтына, “Арабаев Пресс” гезитине жана башка массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер