УСУЛДУК КОЛДОНМО ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 29.08.2022
  • 0

Жалпы билим берүү мектептеринин технология мугалимдери үчүн “Улуттук тамак-аштар технология сабагында” аттуу усулдук колдонмо басылып чыкты.

Технология предметин окутууда баа жеткис кошумча маалыматтарды камтыган бул эмгектин автору — Бишкек шаарындагы №55 жалпы билим берүү мектебинин технология мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, насаатчы педагог Кулипа Мамбетова.

-Бул колдонмого “Кутбилим сабак” тиркемесинде жарыяланган улуттук тамак-аштар боюнча сабак иштелмелерим кирди. Мугалимдер бул сабак иштелмелерин өз сабактарында колдонуп жүрүшөт. Арасында өз сунуштарын айткандары да болду. Айтылган сын-пикир, сунуштарды эске алып, Кыргыз билим берүү академиясынын колдоосунда ушул усулдук колдонмону түзүп чыктым, — дейт агартуу ардагери.

 

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер