УСТАТТЫН ӨМҮРҮ — ШАКИРТТЕРИНИН ЖЕҢИШИНДЕ
- 17.09.2026
- 0
Кыргызстандын эркин күрөшүнө бүт өмүрүн арнаган Анарбек Үсөнканов — 60 жашта
Спортто жеңиштин салмагы медалдын түсү менен гана өлчөнбөйт. Кээде бир медалдын артында жылдар бою төгүлгөн тер, миңдеген машыгуулар, машыктыруучунун чыдамкайлыгы, атанын үмүтү, эненин тилеги жана устаттын шакиртине болгон ишеними турат.
Ал эми бир устаттын өмүр жолу ондогон медалдарга, чемпиондорго, Олимпиадага катышкан балбандарга айланса, анда анын эмгегин бир гана адамдын жетишкендиги деп кароого болбойт. Бул — бүтүндөй спорт мектебинин тарыхы, устаттардын мээнети.
Кыргызстандын эркин күрөшүндө дал ушундай татыктуу из калтырган тажрыйбалуу устаттардын бири — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, КР Билим берүүсүнүн мыктысы, Бишкек шаарынын Ардактуу атуулу Анарбек Абдыбаевич Үсөнканов.
Эртең, 18-сентябрда, алтымыш жылдык мааракесин белгилегени жатат.
Күрөш менен башталган өмүр жолу
Анарбек Үсөнканов 1966-жылдын 14-сентябрында Токтогул районунда төрөлгөн.
1974-жылы Токтогул районундагы Бөкөнбаев атындагы орто мектептин биринчи классына барган. Өспүрүм кезинде эле спортко кызыгып, 1978–1979-жылдары эркин күрөш менен машыга баштаган.
1982-жылы Н.К. Крупская атындагы республикалык жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын эркин күрөш бөлүмүнө кабыл алынат. Спорттук чеберчилигин өркүндөтүп, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырат. Ошол эле жылы Советтик Армиянын катарына чакырылат.
1990-жылы СССРдин спорт чебери деген ардак наамга жетишет.
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктап, кийинки жылдары Кыргыз техникалык университетинде дене тарбия кафедрасында окутуучу болуп эмгектенет.
Ошентип, анын жашоосунда спортчу менен машыктыруучунун жолу биригет. Ал өзү килем үстүндө күрөшүп тажрыйба топтосо, кийин ошол тажрыйбасын жаш муунга устат катары үйрөтүүгө киришет.
1995–2000-жылдары «Локомотив» спорт клубунда эркин күрөш боюнча машыктыруучу, 2000–2006-жылдары Ленин районунун СДЮШОРунда машыктыруучу болуп иштейт.
2005-жылы Кыргызстандын жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу болуп дайындалат. 2007-жылы Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштей баштайт.
Мына ушул жылдардан тартып Анарбек Үсөнкановдун аты кыргыз күрөшүнүн чоң аренасында дагы даана угулуп баштайт.
Бир устаттын шакирти — Олимпиаданын коло медалы
Машыктыруучунун эмгегин баалоонун эң туура жолу — анын шакирттеринин жетишкендигине көз салуу.
Анарбек Үсөнкановдун машыктыруучулук карьерасындагы өзгөчө барактардын бири — Базар Базаргуриевдин спорттук жолу.
Базар Базаргуриев — 2008-жылы Бээжин Олимпиадасында эркин күрөш боюнча коло медаль тагынган, Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери.
Анын Олимпиададагы ийгилигинин артында өзүнүн мээнети менен катар устаты Анарбек Үсөнкановдун да көп жылдык үзүрлүү эмгеги турду.
Машыктыруучу үчүн Олимпиада медалы — жөн гана статистика эмес. Ал — бир кезде спорт залга биринчи жолу келген өспүрүмдүн дүйнөлүк аренага чейин жеткен жолунун жыйынтыгы.
Анарбек агайдын устаттык эмгеги муну менен эле чектелбейт.
Чемпиондорду тарбиялаган мектеп
Анын жетекчилиги жана устаттыгы астында Кыргызстандын жана эл аралык мелдештердин ондогон жеңүүчүлөрү жана байге ээлери даярдалды.
Алардын арасында:
- жаштар арасында дүйнө чемпиону Ильяз Өзүмбеков;
- жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээлери Ноорузбек Белеков, Нурлан Туратбек уулу;
- Азия чемпиондору Айаал Лазарев, Магомед Мусаев, Улукбек Жолдошбеков;
- Азия чемпионатынын коло байге ээлери Нурлан Макеналиев, Улукман Маматов, Айбек Усупов жана башка көптөгөн балбандар бар.
Анын машыктыруучулук ишмердигинин көрсөткүчү мындан да кеңири.
Өзүнүн автобиографиялык маалыматында Анарбек Үсөнканов машыктыруучулук жылдарында бир Кыргызстанга эмгек сиңирген спорт чеберин, 10 эл аралык класстагы спорт чеберин, 40ка жакын спорт чеберин жана 150дөн ашуун спорт чеберине талапкерди даярдаганын белгилейт.
Бул — бир адамдын өмүр жолунун өзүнчө бир спорттук статистикасы.
Бирок анын чыныгы байлыгы бул сандардан да кеңири. Анткени ар бир сан — бир баланын тагдыры, бир үй-бүлөнүн кубанычы, бир өлкөнүн намысы.

2026-жыл: устаттык мектеп дагы уланууда
Алтымыш жаш — спорттук карьера үчүн жыйынтыктоочу чек болушу мүмкүн. Бирок чыныгы устат үчүн бул жаңы муунга тажрыйба өткөрүп берүүнүн дагы бир баскычы. “Алтымышка чыкканда, атаңдын алдап-соолоп күчүн ал”- дегендей Анарбек учурда бай тажрыйбага ээ болгон чыгаан устаттардын бири.
Буга 2026-жылдагы жетишкендиктер ачык далил.
Быйыл Анарбек Үсөнкановдун үч шакирти Кыргызстандын биринчилигинде жеңишке жетип, Азия чемпионатына жолдомо алышкан. Таиланддын Паттайя шаарында өткөн Азия чемпионатында алардын экөө коло медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылып келишти.
Демек, алтымыш жашында да күүлүү-демдүү болуп, устаттын мектеби жаңы чемпиондорду даярдап жатат.
Азыр Анарбек Абдыбаевич СДЮШОР «Күлүк» спорт мектебинин күрөш бөлүмүндө улук машыктыруучу-устат болуп эмгектенип, жаш балбандарга өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын үйрөтүп келет.
Бул жерде анын негизги капиталы — медалдар эмес, тажрыйба.
Устаттык үй-бүлөдөн башталат
Спорт жана дене тарбия адамдын жеке кесиби болуп калбастан, бүтүндөй үй-бүлөнүн жашоо образына айланган учурлар болот.
Үсөнкановдордун үй-бүлөсү — ошондой сергелең жашоо ыңгайын жайылткан үй-бүлөлөрдүн бири.
Жубайы Алима Тынычтыкбаевна Үсөнканова Кыргыз улуттук университетинде дене тарбия боюнча окутуучу болуп эмгектенет. Анарбектин акыл кошчу кеңешчиси, ар дайым колдоого алып келаткан жөлөгү жана таянычы. Тылы бекем болгондуктан Анарбек үй бетин көрбөй, Алима айымга ишенип, спорттук бийиктиктерди багындырып жүрдү.
Улуу уулу Адилет Үсөнканов — эркин күрөш боюнча спорт чебери, Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси, кадеттер арасындагы Кыргызстандын чемпиону. Учурда ата жолун жолдоп, Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштейт.
Кызы Анарбекова Алтынай КУУнун юридиалык факультетин бүтүп, Бишкектеги Эл аралык мекемеде эмгектенип жатат.
Дагы бир уулу Асылбек сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын спорт чебери, республиканын чемпиону жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Ал дагы “Туран” спорт клубундагы бассейинде машыктыруучу болуп иштеп жатат.
Келини Эльвира Сабыровна Асанова да үй-бүлөнүн спорттук чөйрөсүнүн бир бөлүгү.
Ал эми үйдүн бүгүнкү кубанычы — келечегинен көптү үмүттөндүргөн тогуз жаштагы небереси Аслан жана бир жаштагы кичинекей Адель.
Устаттын спорттогу жолу ушундайча үй-бүлөлүк салтка да айланып келет.
Олимпиадалык жолдордо чогуу
Анарбек Үсөнканов менен менин да спорттук баяндамачы катары кесиптик жолум спорттук сапарларда бир нече жолу кесилишти.
Бээжин Олимпиадасы — 2008. Лондон Олимпиадасы — 2012. Азия оюндары, Азия чемпионаттары…
Бул сапарлардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар.
Олимпиадага журналист катары баруу — бир жоопкерчилик. Ал эми ошол эле жерде өлкөнүн намысын коргогон балбандардын жанында жүргөн машыктыруучунун жоопкерчилиги андан да оор.
Мелдеш башталганга чейин машыктыруучу спортчунун абалын, атаандашын, тактикасын, психологиялык даярдыгын ойлойт. Ал эми беттеш учурунда бир нече жылдык эмгек бир нече мүнөттүн ичинде сыналат.
Мен Анарбек досумду дал ушундай учурларда көрдүм.
Анын мүнөзүндө ашыкча кыйкырык же жасалма шаң эмес, өзүнө ишенген устаттын токтоолугу, тажрыйбасы жана жоопкерчилиги бар.
Мындай сапаттар күрөштө да, журналистикада да бааланат.

Кыргызстандан тышкары да таанылган устат
Анарбек Үсөнкановдун машыктыруучулук эмгеги Кыргызстандын чегинде гана бааланган эмес. Ал Россия Федерациясынын Бурятия Республикасында «эмгек сиңирген машыктыруучу» деген ардак наамга да татыган.
Кыргызстанда болсо эмгек сиңирген машыктыруучу, дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер, Бишкек шаарынын Ардактуу атуулу деген жогорку сый-урматтарга ээ болду.
Бул наамдардын артында бир күндүк эмгек эмес, ондогон жылдардагы мээнет турат.
Машыктыруучу болуу — чемпион даярдоо гана эмес
Кээде спорт жөнүндө сөз болгондо медаль менен чемпионду гана көрөбүз.
Бирок чемпиондун артында аны күн сайын машыктырган, жеңилгенде кайра тургузган, жеңишке жеткенде ашыкча көкөлөтпөгөн, туура эмес кадамын көрсөтүп, кайра аракет кылууга үйрөткөн устат турат.
Машыктыруучу балбанга күрөш ыкмасын гана үйрөтпөйт. Ал сабырдуулукту, тартипти, жоопкерчиликти, жеңишке жеткенде жөнөкөйлүктү, жеңилгенде сынбоону үйрөтөт.
Анарбек Үсөнкановдун көп жылдык эмгегинин маңызы да ушунда.
Анын шакирттеринин арасында Олимпиада медалынын ээлери, Азия чемпиондору, дүйнөлүк мелдештердин байге ээлери, Кыргызстандын чемпиондору бар. Бирок ар бир чемпиондун артында өзүнчө эмгек тарыхы, түмөн түмөн түйшүк, талыкпаган мээнет турат.
Ошол тарыхтардын баары кошулуп, Анарбек Үсөнкановдун устаттык мектебин түзөт.
Алтымыш жыл — жыйынтык эмес, тажрыйбанын жаңы баскычы
Адамдын жашын жыл санап эсептөөгө болот. Ал эми устаттын жашын тарбиялаган шакирттеринин саны, алардын жетишкендиктери жана кийинки муунга калтырган тажрыйбасы менен өлчөгөн туура.
Анарбек Үсөнканов 60 жылдык өмүрүнүн жарымынан көбүн спортко арнады. Өзү СССРдин спорт чебери болду. Машыктыруучу катары Кыргызстандын улуттук курама командасын жетектеди. Олимпиада чемпиондугуна талапкер балбандарды даярдады. Азия жана дүйнөлүк ареналарда өлкөнүн намысын коргогон спортчуларды тарбиялады.
Эң негизгиси — өзү билгенин, тажрыйбасын кийинки муунга өткөрүп берди.
Бүгүн ал жаңы муундагы жаш балбандар менен иштеп жатат. Демек, устаттын жолу уланууда.
Анарбектин өмүр жолу мага дайыма бир нерсени эске салат: спортто чемпион бир күндө жаралбайт. Анын артында жылдар, эмгек жана устат турат.
Бээжинден Лондонго, Азия оюндарынан Азия чемпионаттарына чейинки спорттук сапарларда бирге жүрүп, кыргыз балбандарынын жеңишине күбө болгон жакшы санаалаш досу катары мен муну өзгөчө сезем.
Бүгүн 60 жылдык мааракеде Анарбек Абдыбаевичке айтар тилек бирөө:
Устаттык жолуңуз узун, жеңиштүү болсун!
Килем үстүндөгү жаңы муундар Сизден тажрыйба алып, Кыргызстандын кырмызы кызыл туусун дүйнөлүк ареналарда дагы бийик көтөрө беришсин.
Сиздин эң чоң медалыңыз — шакирттериңиздин жеңиши.
Эң чоң сыйлыгыңыз — алардын Сизди устатым деп сыймыктануу менен аташы.
Эң чоң мурасыңыз — кыргыз күрөшүнө калтырган мектебиңиз.
60 жаш мааракеңиз кут болсун, Анарбек Абдыбаевич!
Ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, узак өмүр жана дагы далай чемпиондорду тарбиялоону каалайбыз!
Сизди «Кут Билим» Медиа борборунун атынан дагы мааракеңиз менен куттуктайбыз!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Кыргыз Республикасынын Спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы
(Атайын Кут Блим Медиа борбору үчүн)
