НАСААТЧЫЛАР БИЛИМ АЛЫШТЫ

  • 03.03.2021
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси”эл аралык коомдук фонду ишке ашырып келген ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында насаатчылык программасына тандалып алынган 100 устат 18-февралдан 27-февралга чейин устатчылык көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча билим алышты.

Шыктандыруучу жолугушууларда устаттарга багыт берилип, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан иштелип чыккан “Устаттардын колдонмосу” таратылып, шакирттер менен иш алып баруу тартиби тууралуу маалымат айтылды.

НАСААТЧЫЛАР БИЛИМ АЛЫШТЫ

“Илимдеги кыздар” долбоорунун насаатчылары болуп бизнес-ассоциациялардан жана STEM адистиктерде ийгиликке жетишкен прогрессивдүү айымдар тандалган. Ментордук программада Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй жана Кара-Cуу райондорунан пилоттук мектептеринен 2600 окуучу кыз катышат. Беш-алты  айдын ичинде устаттар шакирттери менен өз тажрыйбасы, билими, көндүмдөрү профессионалдык жана жашоо тажрыйбасы менен бөлүшүшөт. Ментор  STEM багыты тууралуу маалымат берип, келечек кесиптерди тандоого көмөктөшөт, — дейт фонддун директорунун орун басары Роза Кайыкова.

НАСААТЧЫЛАР БИЛИМ АЛЫШТЫ

Догдургүл Кендирбаева  “Илимеги кыздар” долбоорунун максатына жетүүдө устаттардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

СТЕМ билим берүү жагындагы менторлук – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды өнүктүрүү үчүн өбөлгө. Насаатчылык курсунан өткөн кыздар STEMди тандоо артыкчылыгын түшүнүп жана STEM багытын тандап билимин улантууга тийиш, – деп белгиледи Догдургүл Шаршеевна.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Абубакар Жураев «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна ыраазычылык билдирди жана Фонд көптөгөн жылдар бою өлкөнүн билим берүү тармагын алга илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

НАСААТЧЫЛАР БИЛИМ АЛЫШТЫ

Баардыгы болуп алты  күн бою жүз устат (Ош шаарынан 35 насаатчы жана Бишкектен 65 насаатчы) үчүн шыктандыруучу жолугушуу семинары болуп өттү.

Окутуулар учурунда ЮНИСЕФтин программалык менеджери Нора Суюналиева менторлорго “Илимдеги кыздар” долбоорунун максаты жана эмнеге STEM тармагында кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгы тууралуу айтып берди.

STEM боюнча долбоордун эксперти, КМТУ алдындагы Кыргыз-Герман институтунун директору, техникалык илимдердин кандидаты, профессор Анипа Усупкожоева ментор жана ментинин карым-катнашы тууралуу насаатчыларга маалымат берди. Долбоордун гендер боюнча эксперти Гүлжамал Султаналиева  “Устат ишмердүүлүгүндө гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу” темасында презентация жасады. Ошондой эле семинардын катышуучулары үчүн “Курак” аялдар форумунун негиздөөчүсү Айнура Сагынбаева, Technovation Girls Kyrgyzstan расмий амбассадору ЕленаЧигибаева, Khan Academy Kyrgyz расмий өкүлү Гулзира Минбаева, Easyscience.kg негиздөөчүсү Мадина Самакбаева, Эл Групп Консалтингдин негиздөөчүсү Жамиля Иманкулова,  “Тэкайым – 2020” программасынын бүтүрүүчүсү Каныкей Самиева, Ош технологиялык университетинин доценти Айнура Хамзаева, “Chapan” студиясынын негиздөөчүсү Жумагүл Сариева, Банктын бизнес аналитиги Жыргал Ботобаева насаатчылыктын ийгиликтүү окуялары, Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү устаттардын орду тууралуу маалымат менен бөлүштү. Тең-теңи менен ыкмасы менен тренинг өткөрүү боюнча курстарынан окуган «Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучулары окуучу кыздар Нурайым Асанова, Бегайым Бакирдинова, Малика  Маматкыязова жана Анастасия Белова, Аэлита Осекова, Нагима Женишбек кызы «Кыз кыялы» тууралуу айтып беришип, бул долбоор аларга кандай мүмкүнчүлүк бергени туурасында бөлүшүштү, — дейт Р.Кайыкова.

НАСААТЧЫЛАР БИЛИМ АЛЫШТЫ

Тренингдердин жыйынтыгында менторлор долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, «Илимдеги кыздар» долбоорунун командасына жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна ыраазычылыгын билдиришти. Easyscience.kg Мадина Самакбаева устатчылык келечек муундун туура кесип тандоосуна мыкты шарт түзүп берээрин белгиледи: «Биргелешкен аракеттер менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн көтөрө алабыз деп ишенем. Мен кыздардын алдыга койгон максаттарына ылайык иш планын түзүп колдоо көрсөтөйүн деп жатам”.

НАСААТЧЫЛАР БИЛИМ АЛЫШТЫ

Менторлукка тандалган “Архилаб” окуу борборунун директору Жылдыз Бекболотова кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттыруу менен алардын жаркын келечеги үчүн салымын кошоорун белгиледи: “Курулуш архитектура тармагы өнүгүп жатат, бул кесиптерде көбүнчө эркек балдар иштешет, бирок бул тармактагы кесиптерде кыздар деле окушса болот, аракеттенсе болот. Ошондуктан мектеп окуучуларына компьютер менен чийүүнү үйрөтүү менен техникага кызыктыруу болот. Анан алар кызыктуу ачылыштар жасай алышат”.

НАСААТЧЫЛАР БИЛИМ АЛЫШТЫ

«Супара» этнокомплексинин директору Жаңылсынзат Турганбаева насаатчы ролунда кыздарга бир гана кесип тандоодо эмес, инсандык сапаттарды өнүктүрүүгө салымын кошоорун белгиледи: “Кыздарга жашообузда кандай адамдар менен жолуктук, алардан кандай тажрыйба алдык, ошол нерселер менен бөлүшкүм келди. Экинчиден мен өспүрүм кыздардан да көп нерсени үйрөнгүм келет”.

Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет.

Баардык иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча, бери болгондо насаатчылык курсунан өткөн үч миңге жакын кыз STEMди тандоонун артыкчылыгын түшүнөт жана STEM тармагында билимин улантат деп пландаштырылып жатат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер