УСТАТТАН УЛУУ ТААЛИМ

  • 17.02.2023
  • 0

Борборубуздагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы улуттук компьютердик технологиялар мектеп-лицейинде жаш муундарды улуттук нарк-дөөлөттөрдүн, таалим-тарбиянын өрнөгүндө тарбиялоого өзгөчө маани берилет.

УСТАТТАН УЛУУ ТААЛИМ

Жакында мектеп-лицейдин башталгыч класстар мугалими Гүлүмкан Асанкадырова «Ата -бабалардын мурастары» аттуу ачык сабак өтүп, тарбиячы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Кадыралиева Урниса эжени конокко чакырды. Ардактуу агартуучу тестиер балдарга элибиз үчүн улуттук нарктын, улуттук мурастардын баа жеткис ордун айкын мисалдар менен түшүндүрүп берди. Таалим сабак окуучуларга  кызыктуу болду.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер