УСТАТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

  • 03.02.2025
  • 0

Жакында Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №94 жалпы орто билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, белгилүү педагог, бүгүнкү күндүн Дүйшөнү аталган Гапыр Мадаминов ата-энелерге  таалим-сабак өттү.

УСТАТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Иш-чара «Ата-эненин колдоосу – билим жана тарбия сапатынын өбөлгөсү» деген темада уюштурулуп, ага  600дөн ашуун ата-эне жана мугалимдер жамааты катышты.

Жолугушууда Гапыр Мадаминов катышуучулар менен  баарлашып, балдарды тарбиялоо жана окутуу боюнча өзүнүн баалуу кеңештери менен бөлүштү.

УСТАТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Иш-чаранын алкагында Гапыр Мадаминов негиздеген «Энелер мектеби» №94 мектепте да уюштурулуп, расмий түрдө ачылды. Бул мектеп ата-энелерге балдарды тарбиялоодо жана билим берүүдө жардам берүү максатын көздөйт. Жолугушуунун соңунда мугалимдер үчүн тренинг өткөрүлүп, алар жаңы методикалык ыкмалар жана тарбиялоонун эффективдүү жолдору тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты.

— Устат мугалимдин биздин мектепке келиши  мектеп жамааты жана ата-энелер үчүн чоң жетишкендик. №94 мектептин эксперименталдык мектептердин катарына кошулушу — билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам. Бул статус мектепке жаңы методикаларды колдонууга, инновациялык программаларды ишке ашырууга жана билим берүү сапатын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк берет, — деп айтты мектеп директору Кенже Ажыгулова.

УСТАТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Мектеп жамааты, иш-чарага катышкан ата-энелер жолугушуу аларга пайдалуу болгонун белгилеп, алыстан келип, өзүнүн баалуу билими жана тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү үчүн Гапыр Мадаминовго терең ыраазычылык билдиришти.

УСТАТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Буайша НАЗАРБЕКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер