USAIDдин «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ МЕКТЕПТЕРДЕ  

  • 17.11.2021
  • 0

Жакында   Ысык-Кɵл облусу боюнча 350 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерин, мектеп директорлорун, директорлордун орун басарларын максаттуу мектептердин мугалимдерине окууга жана жазууга үйрөтүү методикасын жакшыртууга багытталган «Мектептерде усулдук колдоону уюштуруу» программасынын алкагында окутууну баштады. Долбоор  мектептерде  мугалимдердин окутуу методикасын жакшыртуу максатында усулдук колдоону өнүктүрүүгө салым кошот.

USAIDдин «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ МЕКТЕПТЕРДЕ  

Ысык-Көл облусу боюнча эл аралык тренер Нургүл Шарапованын берген маалыматына таянсак, катышуучулар беш илгерилетилген окуу модулдарынын кыскача мазмуну менен  таанышып, баардык деңгээлдеги мугалимдерге жана алардын уюмдарына усулдук колдоо көрсөтүүнүн ар кандай формалары жана ыкмалары боюнча билимин кеңейте алышат.

USAIDдин «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ МЕКТЕПТЕРДЕ  

USAIDдин «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ МЕКТЕПТЕРДЕ  

— Усулдук колдоону камсыздоочу куралдарды SabakApp (сабакка байкоо жүргүзүү) жана BaalooApp (калыптандыруучу баалоо) практикада эффективдүү колдонууну үйрөнүп, башталгыч класстын мугалимдердин сабактарына байкоо жүргүзүп, мугалимдин окутуу методдоруна кайтарым байланышты бере алышат. Натыйжада, башталгыч класс мугалимдери усулдук колдоо менен сабактардын сапатын жогорулатып, башталгыч мектеп окуучулары окуу көндүмдөрүн жакшыртат, — дейт Н.Шарапова.

USAIDдин «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ МЕКТЕПТЕРДЕ  

USAIDдин «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ МЕКТЕПТЕРДЕ  

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстанда башталгыч мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте, Ысык-Кɵл облусунда 156 мектепте  ишке ашырылып жатат.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер