UNISTEM МЕКТЕБИНДЕ 97 ОКУУЧУ КЫЗ ТАК ИЛИМДЕР ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 13.02.2025
  • 0

UNISTEM МЕКТЕБИНДЕ 97 ОКУУЧУ КЫЗ ТАК ИЛИМДЕР ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

UniSTEM Кышкы мектебинин катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.  Кышкы мектепте окуучу кыздар 10 күн бою илим, технология, инженерия жана математика дүйнөсү менен жакындан таанышып, STEM көндүмдөрүн өнүктүрө алышты.

Иш-чара И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман техникалык институтунда (КГТИ) өттү. Кышкы мектеп «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен өнөктөштүктө, академиялык алмашуулар боюнча германиялык кызматтын (DAAD) жана Fablab Bishkekтин техникалык базасынын колдоосу менен уюштурулду.

UNISTEM МЕКТЕБИНДЕ 97 ОКУУЧУ КЫЗ ТАК ИЛИМДЕР ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Салтанатка «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын директору Роза Кайыкова, Кыргыз-Герман институтунун DAAD лектору Торстен Кеслер, Fablab Bishkek жетекчиси Чжон Джи Хва жана кышкы мектептин окутуучулары катышты.

Роза Кайыкова өз сөзүндө кыздар STEM багытындагы кесипти азыраак тандашарын, бирок мындай билим берүү лагерлеринин аркасында алар өз жөндөмдөрүнө ишеним артып, келечектеги кесиптерди өздөштүрүүгө шыктанышарын баса белгиледи.

UNISTEM МЕКТЕБИНДЕ 97 ОКУУЧУ КЫЗ ТАК ИЛИМДЕР ДҮЙНӨСҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Маалыматка ылайык, DAAD лектору  Торстен Кеслер мындай демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, окумуштуулар жөнүндө сөз болгондо, көбүнчө эркектер эскерилерин айтып, ушул лагерде билим алган кыздар 100 жылдан кийин илимдин тарыхында жазылган ысымдарга айланышы мүмкүн экендигин айтты.

КГТИнин директору Айнура Усупкожоева Кышкы мектептин катышуучуларынын арасында кыргыздын чыгаан окумуштуусу Асел Сартбаевага окшоп дүйнөнү өзгөртө турган кыздар чыгаарына ишенимин билдирди.

— Кышкы мектептин алкагында кыздар робототехника, 3 D-моделдөө, дизайн жана тамак-аш өнөр жайындагы технологиялар боюнча гана билим алышпастан, КГТИнин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, алардын тажрыйбасынан жана ийгиликтеринен шыктанышты. Кышкы мектептин активдүү 57 катышуучусуна сертификаттарды жана эстелик белектер тапшырылды, — деп жазылат маалыматта.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер