УЛУУ ЖЕҢИШТИН 76 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ӨТКӨН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 25.05.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Э.Маанаев атындагы тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультети менен “Евразийцы-новая волна” фонду  биргеликте  Улуу жеңиштин 76 жылдыгына карата өткөргөн  тарыхчы мугалимдердин республикалык видео-сабактар сынагынын  жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Сынакта  I орунду Бишкек шаарындагы  Р.Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп  гимназиясынын тарых мугалими Сталбекова Элиза,  II орунду Чүй областына караштуу Кемин районунун Ак туз орто мектебинин мугалими Капар кызы Айпери, III орунду Панфилов районундагы Чалдыбар №3 орто мектебинин мугалими Кыдыралиева Чолпон жеңип алды. IV орун болсо Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы Т.Ормонбеков атындагы №28 мектеп-лицейинин мугалими Кабылбекова Назирага ыйгарылды. Кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери болуп: Мирсайдуллаева Фотима Абдуллажановна, Айзат Артылбековна, Трубачёва Галина Николаевна, Каттобеков Калмурат Абдылдаевич табылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер