УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 14.05.2020
  • 0

Ош облусундагы мектеп жана балдардын чыгармачылык борборунун таланттуу балдары Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган республикалык «Аталардын эрдиктерин даңктайбыз» онлайн фестивалына активдүү катышып, сынак жогорку деңгээлде өттү.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Р.Назаровдун айтымында, борбордун тил жана маданият бөлүмү фестиваль-сынактын облустук турун райондук балдардын чыгармачылык борборлору менен бирдикте Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн Жобонун негизинде онлайн режимде өткөрүлүп, мыкты деп тандалып алынган сынактык тапшырмалар, видеороликтер республикалык турга сунушталып, жөнөтүлгөн.

— Улуу Жеңишке салым кошкон аталарыбыздын жана энелерибиздин эрдиктерин даңктоо, ардагерлерге, улуу муунга сый-урматты, сыймыкты калыптандыруу, окуучулардын мекенчилдик жана атуулдук сезимин өнүктүрүү, элдердин достугун, ынтымагын, биримдигин бекемдөө, окуучулардын интернационалдык тарбиясын жакшыртуу жана балдардын Мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, нравалык баалуулуктарга тарбиялоо сынактын башкы максаты болуп саналат. Фестиваль-сынакка облусубуздун балдар бакчаларындагы, мектептердеги бардык таланттуу балдар Жободогу программанын негизинде активдүү катышып беришти, — дейт директор.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Сынактын программасында Жеңиш, тынчтык, ынтымак, эрдик жөнүндөгү ырларды көркөм окуу, согуш мезгилиндеги элдин духун көтөргөн обондуу ырларды жандуу аткаруу, «Өлбөс полк» эстафетасын өткөрүү, согуш мезгилиндеги мугалимдердин түйшүгүн, мээнетин көркөм чыгармалардын негизинде көрсөтүү, согуш, тынчтык, жеңиш жөнүндөгү видеороликтерди жана сүрөттөрдү тартуу көрсөтүлгөн болчу.

— Ушул сынактык тапшырмаларды аткарууда бүт райондор бала бакча курагындагы балдардан баштап мектеп бүтүрүүчүлөрүнө чейин активдүүлүгүн көрсөтүштү. Онлайн шартында алыскы тоолуу райондорубуздан чыккан таланттуу балдарыбыз кереметтүү жаратылыш койнунда «Аталарыбыз ушул кооздукту, сулуулукту, бейпил турмушту канын төгүп жатып бизге мураска калтырган» деген сыяктуу ойлорун айткандай, мукам обондорун созолонтуп ыр десте тартуулашты. Ал эми көркөм окууда кээ бир окуучуларыбыз өздөрүнүн калемине таандык автордук чыгармаларын аткарышты. Мисалы, Араван районуна караштуу Тургунбай Осмонов атындагы орто мектебинин окуучусу Кудайберди кызы Айзаттын Улуу Жеңишке арнаган ыр саптарын айтайын:

Канат бүтүп, адам кылып чоңойткон,

Күт Ата Журт, күткүн эне, мен келем!

Кеткен эле көп жоокерлер сөз айтып,

Оо зор Мекен сага жеңиш апкелем!

Ошол учур өмүр кирбей түшүнө,

Ок жамгырдай асман бербей төгүлгөн.

Тынчтык үчүн адам каны тыйылбай,

Аталар да, агалар да көмүлгөн…, — дейт Рахманберди Назаров.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер