УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ

  • 30.04.2022
  • 0

Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинде Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата бир топ иштер өткөрүлдү.

Мында класстардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, окуучуларды мекенчилдикке, аталардын эрдигин унутпоого, тарых барактарын окуп үйрөнүүгө тарбиялоо максаты жетекчиликке алынды. Окуучулар тарабынан колдо тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, адабий-музыкалык кечелер өткөрүлдү. Ага Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жана Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, окуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Өткөрүлгөн иш-чараларга кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, башталгыч класстар мугалимдери активдүү катышып, өздөрүнүн жигердүүлүктөрүн көргөзүштү. Мугалимдердин көтөрүлгөн маянасы аларды дагы белсенип иштөөгө, ийгиликтерди жаратууга өбөлгө болору алардын маанайларынан эле билинип турду.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер