«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ» ОНЛАЙН САБАГЫ

  • 08.05.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти М.Сулайманкулова, окутуучулар — К.Курманалиева жана Сартбай кызы Гүлзат Улуу  Жеңиштин  75 жылдыгына карата 1-курстун студенттери менен онлайн ачык сабак өтүштү.

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ» ОНЛАЙН САБАГЫ

Сабакта окутуучулар тарабынан Улуу Ата мекендик согуш жөнүндө жалпы маалымат берилип, андан соң кандуу согушта кыргыз эли да СССРдин башка мамлекеттери сыяктуу эле  оор жоготууларга дуушар болгондугу,  от кечкен эр-азаматтардын эрдиктери  тууралуу баяндамалар окулду. Студенттер өздөрү даярдаган көркөм окууларын, видео баяндарын, анимация,  согуш темасын чагылдырган белгилүү жазуучулардын чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрүн, кан майданга катышкан   чоң ата, таяталары жана алардын эрдиктери жөнүндө баяндап, даңктоо иретинде «Жеңиш» темасындагы обондуу ырлардан  аткарып беришти. Бир студенттин чоң атасы да онлайн сабакка кызыгып, студенттерге атасынын согушка барып, согуш отун кечип, бир бутунан айрылып келгендиги жана өмүрүнүн акырына чейин айылына кызмат кылгандыгы жөнүндө баяндап берди. Ошондой эле келечек жаштарын мекенчил болууга, эли-жерин сүйүүгө чакырды.

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ» ОНЛАЙН САБАГЫ

  • Жыйынтыгында окутуучулар жаштарга кайрылуу жасап, бүгүнкү жаркын турмушту тартуулаган ата-бабаларыбыздын эрдиктерин унутпай, аларды эстеп, таазим кылууга үндөштү, — дейт кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Сартбай кызы Гүлзат.

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 75 ЖЫЛ» ОНЛАЙН САБАГЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер