УЛУУ ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

  • 05.12.2023
  • 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кызыктуу иш-чара Кыргызстан эл аралык университетинин филология бөлүмүндө болуп өттү.

УЛУУ ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

Ушул күндөрү тоолуу мекенибиздин баардык окуу жайларында: университеттерде, кесиптик лицейлерде, орто мектептерде, бала бакчаларда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналып атайын иш-чаралар байма-бай уюштурулууда.

Бул күнкү эсте каларлык жолугушууга Аялдар кыймылынын көрүнүктүү өкүлү Роза Айтматова катышып, Айтматовдун китепте жазылбаган окуяларынан айтып берди. Сыймык Бейшекеев «Махабат сыры» деген ырын аткарып, ошол музыкага шайкеш спектаклден үзүндүлөр коюлду. Таланттуу жаштар улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахнада зор чеберчилик менен аткарып беришти. Жолугушууда конокторго арналган чакан концерттик программа да тартууланды.

Студент жаштардын адептик-нравалык өсүп-өнүгүүсүнө зор таасир тийгизген бул мааракелик иш-чараны аталган университеттин Филология бөлүмүнүн окутуучулары уюштурушту.
— Биздин бөлүмдө Кыргызстандын чар тарабынан келген жаштар билим алышат. Чет өлкөлүк студенттер да жок эмес. Арасында китепкөй студенттерибиз да көп. Айтматовго арналган адабий кечелер, конференциялар, талкуулар бизде такай өткөрүлүп турат, — дейт Кыргызстан эл аралык университетинин Филология бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караева.

Жолугушуунун соңунда сахналык көрүнүштө мыкты образдарды жараткан алдыңкы студенттер менен да аңгемелеше алдым. Кыргызстан эл аралык университетинин магистранты Муратова Сезим «Бизге Айтматовдун чыгармалары абдан жагат. Англис тилиндеги котормолорун да  окуп турабыз, — десе, 4-курстун студенти Уланбек кызы Назима «Легендарлуу инсан Роза Айтматованы көрүп, Чыңгыз Айтматовдун өзүн көргөндөй болдук, ·– деп бүгүнкү иш-чарадан алган таасирлери тууралуу суроомо жооп берди.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер