УЛУУ ӨНӨРДҮН ИЗИН БАСКАН БАКТЫБЕК же «СЕЙТЕКТЕГИ» ӨЗГӨЧӨ ПРЕЗЕНТАЦИЯ
- 28.06.2026
- 0
Агартуу министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен биргеликте «Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» аттуу республикалык жайкы фестивалды өткөрүүдө. Иш-чаранын алгачкы күнү «Балдарыбыздын көз карашындагы сүйүктүү аймагыбыз» аттуу сүрөт жана кол өнөрчүлүк сынагы менен башталды.
Бул сынакка Ош шаарынан келген «Келечек» чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары катышып, өзгөчө презентациясы менен көрүүчүлөрдүн эсинде калды. Команданын мүчөлөрү касиеттүү Сулайман-Тоону сүрөткө тартышса, шар аккан Ак-Буура дарыясынын макетин жасашып, алтургай асфальт бетине Ош шаарынын өнүгүү жолун чагылдырып беришти.
Ал эми бул эмгектердин маанисин ачып, Ош шаарын жана таланттуу курдаштарынын өнөрүн Уркуя Салиева атындагы мектеп-интернатынын 8-классынын окуучусу Бактыбек Мамасабыров комуздун коштоосунда төгүп ырдап,
көрүүчүлөргө жеткирди.
Улуу муундагы төкмө акындардын артында ушундай жаш таланттардын жетилип жатышы уучубуздун кур эмес экенинен кабар берет. Үнү да, төккөн сөзү да төп келишкен Бактыбек өзүнүн өнөрү менен командасына жогорку упайларды алып келди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер