УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛДЕГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ДЕМИЛГЕЧИСИ, РЕФОРМАТОР КЕНДИРБАЕВА

  • 13.05.2025
  • 0

Улуттук жаңы моделдеги англис тили окуу китептери чыга баштады. Жакында эле биринчи окуу китептери 4-класстын окуучуларына тапшырылганына күбө болгон элем. Мындай демилгенин башында  Кыргыз Республикасынын  ошол учурдагы Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева  турганын эч ким тана албайт.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ДЕМИЛГЕЧИСИ, РЕФОРМАТОР КЕНДИРБАЕВАУчурда Президенттин жарлыгы менен илим тармагы өзүнчө министрлик, билим берүү тармагы агартуу министрлиги болуп бөлүнгөндүктөн Догдуркүл Шаршеевнанын  окуу китептерди  улуттук жаңы моделде чыгаруу тууралуу аракеттерин жогору баалайт элем.

Ал мектеп программаларын заманбап стандарттарга ылайык модернизациялоого жана жаңылоого багытталган “Алтын Казык” улуттук билим берүү реформасын ишке ашыруунун алкагында зор иштерди аткарып жатканын адистер жакшы билишет.  Себеби, анын демилгеси менен даярдалып жаткан алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан жаңы муундагы окуу китептери Кыргызстандын бардык  мектептерине таратылса окуучуларга билимдин даңгыр жолу ачылат эле.  Улуттук жаңы моделдеги окуу  китептер тууралуу Догдуркүл Шаршеевна өзү  мындай деген эле.

-“Алтын Казык” билим берүүнүн улуттук жаңы моделинин алкагында эң алгачкы китептерибиз чыга баштады. Бул биринчи жолу Кыргызстандын мамлекеттик менчик китеби болот. Дүйнөлүк деңгээлдеги англис тили китеби адаптациядан өтүп, бүгүнкү күндө 3-класстан 9-класска чейин ар бир кыргызстандык окуучу мындай китептерди алат. Бул окуу китеби мугалимдер үчүн колдонмо, балдар үчүн колдонмо, ошондой эле аудио коштоосу менен бар. Балдар үчүн абдан кызыктуу жана жеткиликтүү. Көтөрүп жүрүүгө да абдан жеңил, өтө ыңгайлуу. Быйыл  3-класстан 9-класска чейин китептер чыгарылып бүтөт. Улуу Британиянын өкмөтү дагы алгачкы колдоосун көрсөткөн. Калганынын баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыгат. Эң башкысы дүйнөлүк алдыңкы системаны пайдалануу менен улуттук менчик китеп болуп эсептелет. Мындан ары кыргызстандык мектеп окуучулары эч кимге көз каранды болбой, “жеке менчик мектептерде китептери жакшы экен, бизде начар экен , аларга ата-энелери сатып берет, бизге колдон келген начар китептерди берип коет” деген сөздөр айтылбайт.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ДЕМИЛГЕЧИСИ, РЕФОРМАТОР КЕНДИРБАЕВАОшентип, Кыргызстанда биринчи жолу жаңы муундагы китептер чыга баштады. Мындай китептердин мазмуну дүйнөлүк педагогдор, ошондой эле Кыргызстандагы жүздөгөн педагогдор тарабынан адаптациядан, апробациядан өтүп, биздин маданиятыбызга, ички мамлекеттик баалуулуктарга каршы келбестигин аныктап, атайын эксперттер карап чыгып, коллегияда бекиткен. Ошол эле учурда бул китептер башкалардан айырмаланып, балдар айрыкча англис тили дүйнөнүн 153 өлкөсүндө кандай болсо дал ошондой мазмундагы китепти  бекер пайдаланышы эң чоң ийгилик болуп жана натыйжалуу болот. 4-класстар үчүн 158 миң 700 китеби ушунча нускадагы жумушчу дептерлери менен өлкөбүздүн бардык аймагы үчүн кетет. Ар бир мектептеги окуучунун саны боюнча мектептерде бекер берилет. 25 сомдон арендага символикалуу берилет. Ар кандай социалдык шартта жашаган бардык балдар арендадан бошотулат. Мындай мамлекеттин каржылоосу менен жарык көргөн китептер базарларда, дүкөндөрдө сатылбайт. Эгерде башка жерлерде, базарларда мындай китептер сатылганын көрсөңүздөр алар алдамчылар, жалганчылар. Анткени биз андай китептердин сапатына жооп бере албайбыз. Бул китептердин лицензиялык укуктарын биз түбөлүккө алдык. Кембридж системасындагы эң мыкты китептердин үлгүлөрүн алып, өзүбүздүн улуттук муундагы китептерди жаратып жатабыз. Жүздөгөн мыкты мугалимдер, окумуштууларыбыз көз майын коротушуп, айлап, ар бир тамгасын, маанисин, мазмунун карап апробациядан өткөрдү.  Кыргызстанда алгач ирет окуу китеп саясатын, ишмердигин жүргүзүү үчүн  “Окуу китеби мекемеси” 30 жылдан кийин түзүлүп, биринчи чыгарган китеби болуп саналат. Буга чейин окуу китептерин жеке менчик компаниялардан кымбат баада чыгарып келген болсок, мындан ары толугу менен мамлекеттин каржылоосунда чыгып, китеп менен камсыз кылуу жоопкерчилиги дагы жогорулайт.  Бул китептин өзгөчөлүгү төрт жандоочу колдонмо китептери болот.  Бул окуу китеби мугалимдер үчүн колдонмо, балдар үчүн колдонмо, ошондой эле аудио коштоосу менен бар. Ошондой эле санарип түрүндө да берилет.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ДЕМИЛГЕЧИСИ, РЕФОРМАТОР КЕНДИРБАЕВАМай айынын экинчи жарымында мугалимдерге үч айлык сыноолордон өткөн  “Алтын Казык” ноутбуктарга  англис тили сабагынын мугалимдерине да ушул китептер жүктөлүп, санарип форматында дагы пайдаланууга шарт түзөбүз. Улуу Британия 300 миң доллардын тегерегинде колдоо көрсөтүшүп, алгачкы саамалыкты колдоого алып,  англис тили китебин баштап беришти. Калганы толугу менен Кыргызстандын мамлекеттик каржылоосу менен чыгат. Быйыл окуу китептерин чыгаруу үчүн мамлекетибиз 744 миллион сом каражат бөлүп, 2,5 миллион китеп чыкканы жатат. Дагы кошумча каражаттар дагы каралып жатат.  Буга чейин өтө аз каражат бөлүнүп келген. Мурдакы жылы окуу китептерин чыгарууга 152 млн сом болсо, былтыр 242 млн сом бөлүнгөн. 12 жылдык улуттук билим берүү моделине өтүү дал ушул окуу китептерден башталат. Дүйнөлүк  алдыңкы тажрыйба менен ата мекендик жаңы муундагы табигый  так илимдер боюнча 36  китеп, бардыгы жанындагы жандооч колдонмо окуу методикалык колдонмолор менен 88 наамдагы китеп чыгат,-деген эле Догдуркул Кендирбаева.

“Бөдөнөнү да билген касапчы сойсун” дегендей билим берүү тармагында бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн, далай сыноолорго кабылса дагы агартуу тармагындагы “Алтын Казык” улуттук билим берүү реформасын ишке ашырууга дарамети да, тажрыйбасы да, билими да жетиштүү  Догдуркул Кендирбаев жаңы уюшулган Агартуу министрлигин жетектөөгө татыктуу деп эсептейм. Себеби, өзү баштаган реформаны ишке ашырууга ага өлкө жетекчилери жана Жогорку Кеңештин депутаттары мүмкүнчүлүк бериши керек.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер