УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: 75 ОКУУЧУ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

  • 18.04.2022
  • 0

Физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын республикалык этабы жыйынтыкталды. Республикалык этап ушул жылдын 14-15-апрелинде “Ала-Тоо” эл аралык университетинин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында өттү. Ага жалпы 119 окуучу катышты.

Олимпиада окуу жылы ичинде төрт этапта өттү:

I этап – январь. Онлайн режимде.

II этап – февраль. Онлайн режимде.

III этап – март. Офлайн режимде.

IV этап – апрель. Оффлайн режимде.

Олимпиадага катышуу үчүн бардык каалоочулар классына жана менчик түрүнө карабастан I этапка катышуу үчүн сайттан каттоодон өтүшкөн.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: 75 ОКУУЧУ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

Улуттук олимпиада 2020-жылдан бери өткөрүлүп, жыл сайын катышуучулардын саны өсүп келет. Мисалы, 2020-жылы I этапка катталгандардын саны 3547 түзсө, 2021-жылы 4898, быйыл 17169 түздү.

Окуучуларга Улуттук олимпиадага, ошондой эле Республикалык олимпиадага да катышуу укугу берилген.

Улуттук олимпиада физика, математика, информатика, биология жана химия боюнча тапшырмалардын шарттары жана мазмуну боюнча эл аралык стандарттарга кыйла жакындатылып өткөрүлөт.

Олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгып, Улуттук олимпиаданы өткөрүү үчүн, эл аралык олимпиадаларды өткөрүү тажрыйбасы бар, ошондой эле эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болуп саналган жогорку окуу жайлардын мугалимдери тартылган.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: 75 ОКУУЧУ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

Эл аралык олимпиадалардын уюштуруу комитеттеринин талаптарына ылайык түзүлгөн олимпиадалык тапшырмалардын татаалдыгы эске алынып, Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү IV (республикалык) этаптын катышуучуларынын жалпы санынын пайыздык катышындагы рейтинг боюнча аныкталат.

Ошентип, 2022-жылдагы Улуттук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча I орун 20 окуучуга, II орун – 25 окуучуга, III орун 30 окуучуга ыйгарылды.

Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү рейтинг жана эл аралык олимпиадалардын уюштуруу комитетинин бөлүнгөн квотасы боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу укугун алышат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер