УЛУТТУК НАРККА БӨЛӨГӨН КЫЗЫКТУУ САБАК
- 25.10.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкек шаарындагы №67 мектеп-гимназиянын окуучуларына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн улуу инсандар жана “Манас” эпосу боюнча түз эфирден кызыктуу жана маанилүү ачык сабакты ZOOM тиркемеси аркылуу өттү. Республикабыздын бардык аймактарынан жалпы билим берүүчү мектептери да онлайн катышып, сабактын активдүү угуучулары болду. Ачык сабакка Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин окуучулары, мугалимдери да катышып, руханий азык алышты.
Аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жеңишбек Абдиназаровдун берген маалыматына таянсак, сабакка катышкан 11-класстын окуучусу Пайзуллаева Айназик ыраазы болуу менен бирге: “Эки агайыбыздын сабагы пайдалуу жана таасирдүү болду. Өзгөчө, бакыт, таалай, ынтымак жөнүндө айтканы терең таасир калтырды”, — деп сыймыктануу менен айтыптыр. Ал эми 9-класстын окуучусу Сууханкулова Бегимай: “Улуттук нарк, “Манас” эпосу жөнүндө айткан нускалуу кептери мени абдан толкундантты, шыктануу берип, ойготту. Мындай сабактар ар дайым үзгүлтүксүз болуп турса”, — деген аруу тилегин билдирди.
Мындан ары бир гана Мамлекеттик катчыдан гана эмес, башка мамлекеттик кызматтагылар да ушул нукта сонун сабактарды өтсө деген тилектерин айтышты.
Сабакка билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, “Манас” улуттук театрынын башчысы, манасчы Нурбек Талантбеков да катышты. Атайын программанын алкагында сабак туптуура 9.30да башталып, мамлекетибиздин тарыхы, улуу инсандар, улуттук нарк жана “Манас” эпосунун бүгүнкү муун үчүн таалим-тарбиялык мааниси жөнүндө кенен айтылып, практикалык көнүгүүлөр менен коштолду, 10.30да ийгиликтүү аяктады.
Сабак башында киришүү сөзүн Сүйүнбек Касмамбетов: “Бүгүнкү сабакка тартынып, сүрдөп келатам. 25-50 жаштарга чейин тартынбай сүйлөй берем, бирок силердин алдыңарда сүйлөш өтө коркунучтуу, бир сөзүңөн жаңылсам, и-ий агай ушундай экен деп ыдырап, баарыбыз тең жаңылып кетишибиз мүмкүн. Айтайын дегеним, сабагыбызда биздин өлкөнү түптөгөн аталар, улуттук нарк, окуучу-мугалим, агай тууралуу, комуз, “Манас” тууралуу сөз айтабыз, аны айтып да беребиз. Аны угуп, ыракаттанып кетесиңер”, — деп баштап, андан ары өтө маңыздуу маалыматтар менен бөлүштү.
— Ал эми манасчы Нурбек Талантбеков сөзүн тамаша менен баштап, “Манас” эпосундагы патриоттуулукка үндөгөн саптарын, улуттук каада-салт, нарк-насил жана аялзатына болгон сый-урматтын маанилүүлүгү жөнүндө кеп кылып, аягында “Манас” эпосунан үзүндү айтты, — дейт Ж.Абдиназаров.
Сабак соңунда №67 мектептин кыргыз тили мугалими ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирди: “Мен орус тилдүү класстарды окутам. Аларга кыргыз тили, адабияты сабагынан убактым чектелүү болсо да “Манас” дүйнөсүн айтып берип, анын ичиндеги касиетин жүрөгүнө жеткирем. Окуучулардын көздөрүнөн сиңгенин көрүп ыракат алам, өзүмдү бактылуу сезем. Манасчы эмесмин, бирок өзүмдүн алым жетишинче манас айтам. Анан сиздердин мугалимдердин даражасын көтөргөн сөздөрүңүздөр, окуяларыңыздар жүрөгүбүздү жылытты. Жакшы сиңирип жетише албай калдык, тойбой калдык. Дагы да суусап, дагы да уккум келди. Булардын баарын кийинки муунга өткөрүп берүүгө аракет кылып, сыймыктанып отурдум. Кыргыздын касиети канында кала берет. Мурунку кеменгер аталарыбыздын айткандарын азыркы урпактарга өткөрүп берип жатасыздар”.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер