УЛУТТУК НАРК – УЛУТ УҢГУСУ

  • 14.12.2022
  • 0

2022-жылдын 17-18-декабрында КР Билим берүү жана илим министрлиги “Түркия Маариф” фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштуруп  жаткан “Улуттук нарк — улуттун жүзү” аттуу республикалык тарбия форуму  “Маариф” билим берүү комплексинин базасында өтөт.

УЛУТТУК НАРК – УЛУТ УҢГУСУ

Форумдун максаты — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгынын алкагында, билим берүүдөгү тарбиянын актуалдуу маселелерин талкуулоо, жалпы билим берүү уюмдарында тарбия процессин уюштурууну өркүндөтүү, мугалимдердин тарбия жаатындагы чыгармачылык потенциалын жогорулатуу, окуучулар арасында руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө шарттарды түзүү.

«Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек», — деп жазылган улуттук программада.

Программада билим берүү мекемелери үчүн моралдык-этикалык жүрүм-турум кодекстерин иштеп чыгуу, кыргыз элинин үрп-адат, ырым-жырымдарын системалаштыруу, кыргыз элинин наркын чагылдырган көркөм фильмдерди, мультфильмдерди, даректүү тасмаларды тартуу, ошондой эле спектаклдерди коюу сыяктуу нерселер камтылганын айтып коюу керек.

Андыктан форумду жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Форумдун катышуучулары иш-чаранын жыйынтыгы боюнча өз районундагы (шаарындагы) жалпы билим берүү уюмдары арасында маалыматтарды жайылтуу боюнча иштерди алып барышат.

Форумду уюштурууга кеткен чыгымдар “Түркия Маариф” фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан каржыланат.

Форумдун жүрүшү тууралуу гезитибиздин кийинки санында жарыялайбыз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер