УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ЖАҢЫ КУРАМЫ ШАЙЛАНДЫ
- 28.11.2017
- 0
2017-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жалпы чогулушунда КР УИАнын вице-президенти, президиумунун башкы окумуштуу катчысы жана президиум мүчөлөрү шайланды.
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору Тогусаков Осмон Асанкулович КР УИАнын вице-президенти болуп шайланды. Ал эми КР УИАнын президиумунун башкы окумуштуу катчысы болуп биология илимдеринин доктору, профессор Жээнбаев Бекмамат Мурзакматович шайланды.
Ошондой эле төмөндөгүлөр КР УИАнын президиумунун мүчөлөрү болуп шайланды:
- КР УИАнын президенти, академик Джуматаев Мурат Садырбекович;
- КР УИАнын академиги Акматалиев Абдылдажан Амантурович;
- КР УИАнын академиги Кутанов Аскар Асанбекович;
- КР УИАнын академиги Жумабеков Сабырбек Артисбекович;
- КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Тогусаков Осмон Асанкулович;
- КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Ашимов Исабек Ашимович;
- КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Нургазиев Рысбек Зарылдыкович;
- КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Мусаев Сыртбай Жолдошович;
- КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Панков Павел Сергеевич;
- КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Кожогулов Камчыбек Чоңмурунович;
- Биология илимдеринин доктору Жээнбаев Бекмамат Мурзакматович:
- Медицина илимдеринин доктору Жунусова Гүлнур Султановна;
- Филология илимдеринин доктору Шисыр Исхар Сувазович.
КР УИАнын жаңы кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы №672 токтому менен бекитилген Уставынын 29-46-пунктуна ылайык КР УИАнын вице-президенти жана башкы окумуштуу катчысы бекитилди. Ал эми аталган Уставдын 37-39-пунктунун негизинде КР УИАнын президиумунун жаңы шайланган мүчөлөрү бекитилди.
Комментарийлер