УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ – ӨНҮГҮҮГӨ БОЛГОН КАДАМ
- 23.05.2025
- 0
Бүгүн Бишкекте «Мамлекеттик билим берүү стандарты: сапаттуу билим берүүнүн жаңы парадигмасы» аттуу педагогикалык форум өтүп, анда Улуттук билим берүүнүн жаңы стандарты тааныштырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Реджина Де Доминичис катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун айтымында, “Алтын Казык” программасына өтүү бир канча кыйынчылыктар менен коштолот. Бирок артта калган өлкө эмес, алдыңкылардын катарына киришибиз үчүн бул кыйынчылыктарды бирге жеңүүбуз керек.
- Жылдызга жетчү жол кыйын болору шексиз, анда коркунучтар, адашуулар, жоготуулар орун алат. Бирок дагы он жыл күтө туралы дегенибиз да туура эмес. Бүгүн биздин ар бир күнүбүз баалуу. Себеби Кыргызстан артта калган өлкө болуудан баш тартуудабыз. Азыртадан жоопкерчиликти колубузга алып, өлкөбүз алдыңкылардын катарында болушуна аракет көрүүдөбүз. Келерки 5, 8 жылда Кыргызстаныбыз тез өсүү жолуна түшөт. Албетте, мекенибиздин гүлдөп өсүшү — акылдуу балдардын колунда. Бул жерде кеп, 0-классты 1-класска которуу же китеп сатып алуу менен гана чектелбейт. Урматтуу, директорлор, ийгиликке жетүүдөгү эң башкы фактор — мектептеги атмосфера. Эгерде мектеп окуучуга гана багытталып, бала эң негизги фактор болсо, ийгилик жаратууга жол ачылат. Улуу окумуштуу Герцог айткандай, биз окуучулардын билимге болгон кызыгуусун ойготушбуз керек. Ар бир бала талантуу, гениалдуу, аларга карата туура мамилени табуу мугалимдерден көз каранды. Биздин зор ийгиликтерибиздин сыры мына ушунда болот. Ал эми мамлекет бардык жагынан колдоого даяр, — деди Эдил Байсалов.
Жаңыланган стандарттар – бул Кыргызстандын билим берүү тутумундагы окуу программаларын түзүүнүн негизин түзгөн улуттук алкак. Алар ар бир баланын сапаттуу билим алышын камсыздоого багытталып, балдардын заманбап дүйнөдө ийгиликтүү жашоосу жана өнүгүүсү үчүн зарыл болгон билим, көндүм жана компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган.
Жаңы стандарттар мектепке чейинки тарбиядан тартып орто билимге чейинки бардык деңгээлдерди камтыйт жана өлкө боюнча 1,4 миллиондон ашуун балага эсептелген. Аларды ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз билим берүү академиясына техникалык колдоо көрсөткөн ЮНИСЕФтин салымы чоң болду.
- Билим берүү – балдардын келечегин жана бүтүндөй өлкөнүн потенциалын аныктаган фактор. Жаңы билим берүү стандарттары – Кыргызстан үчүн адам капиталын өнүктүрүүдөгү стратегиялык инвестиция. Билим берүү системасын эл аралык деңгээлге шайкеш келтирүү менен өлкө Баланын укуктары жөнүндө конвенциядагы милдеттенмелерин аткарып, жаш муунду инновациялар менен туруктуу өнүгүүгө даярдоодо, – деп билдирди Реджина Де Доминичис.
Ошондой эле ЮНИСЕФ 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жол картасын түзүүгө, предметтик стандарттарды жаңылоого жана мугалимдердин, ата-энелердин катышуусундагы консультацияларды уюштурууга көмөктөштү. Бул аракеттер бардык балдардын, анын ичинде аярлуу топтордун жана майып балдардын муктаждыктарын эске алган туруктуу жана инклюзивдүү билим берүү системасын түзүүгө багытталган.
Комментарийлер