УЛУТТУК “БААЛОО” ПРОГРАММАСЫ ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТАЙТ

  • 18.05.2023
  • 0

Ушул жумада 4-8-класстын окуучулары текстти окуу жана түшүнүү, математика жана илимдин негиздери (“Мен жана дүйнө” предмети) боюнча Улуттук «Баалоо» программасынын алкагында тест тапшырууда.

УЛУТТУК “БААЛОО” ПРОГРАММАСЫ ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТАЙТ

Ошондой эле окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн, эмоцияларын башкаруу, чыр-чатактарды жеңе билүү, айланасындагылар менен позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо, эмпатия сыяктуу көндүмдөрү бааланат. Изилдөө баланын мүнөзү анын академиялык жетишкендиктерине жана көндүмдөрүн калыптандырууга кандай таасир тийгизе тургандыгын изилдейт.

Балдардын билим деңгээли баалоо Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору жүргүзүүдө.

“Баалоо” улуттук программасы (мурдагы Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо) 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер