УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЕМИНАР

  • 13.12.2022
  • 0

13-декабрда Аксы районундагы Рыскул Солпуев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Улуттук адабият күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.

УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЕМИНАР

Бул семинардын бул мектепте өтүлүшү да жөн жеринен эмес. Анткени бул мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан жогорку баллдарды алып келишет. 2020-2021— окуу жылында Алтын сертификат алууга жетишкен. Предметтик олимпиаданын республикалык турунда да жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келишүүдө.

Семинарда мугалимдер Сулайманова Айнура «А.Осмоновдун ырларындагы ритмика жана уйкаштыктын түрлөрү», Атамбекова Гүлшайыр «Бугу эне» жана бүгүнкү окурман», Атабекова Динараь»Манасым» — менин мурасым», Абдылдабекова Тамара «Элдик оозеки чыгармалар — тарбия башаты», Аспердиева Айгул «Аалам алпы — Айтматов», Медетбекова Бермет «Жомоктон чындык жаралат» деген темада сабактарды өтүп беришти. Сабактарга кеңири талдоо жүргүзүлүп, усулдук өзгөчөлүктөр, алардын натыйжалуулугу жөнүндө талкуу уюштурулду. Семинардын соңунда мугалимдер китепкөй окуучуларды окутуу, тарбиялоо — учурдун эң орчундуу маселеси экендигин эске алуу менен бул багытта пикир алышып, өз тажрыйбаларын ортого салышты. Билим берүүдө мыкты ийгиликтерди жараткан бул жамаатка, аларды жетектеген Таштанбекова Айнура Акматалиевнага ыраазычылык билдирүү менен алардын түйшүктүү иштерине ийгилик каалоо менен семинар өз ишин аяктады.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер