УЛУТСТАТКОМДО ВИРТУАЛДЫК АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 28.10.2020
  • 0

 28-октябрда Улутстаткомдо ачык эшиктер күнү онлайн тартибинде өттү. Иш чара III Дүйнөлүк статистика күнүнө багытталып, ал ар беш жыл сайын белгиленет. Бул ирет “Дүйнөнү биз ишене ала турган маалымат аркылуу өзгөртөбүз” атуу ураан астында өтүп жатат. Бул тема улуттук статистикалык системага болгон ишенимди жогорулатуунун, инновациялардын киргизүүнүн маанисин баса белгилейт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев куттуктоо сөзүн айтып, бүгүнкү күндө республиканын статистикалык органдарыөкмөттүк органдардан тарта эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүнө чейин коомдун бардык тармактарындагы маалымат пайдалануучулар менен тыгыз кызматташып келе жатканан баса белгиледи.

Азыркы тапта Улутстатком 4 млрд. жакын баштапкы көрсөткүчтөгү маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгууну камсыздап, жылына 24 миң статистикалык иштерди аткарат. Колдонуучуларга 350 статистикалык жыйнактар менен басылмалар сунушталат, ошондой эле экономикалык жана социалдык абалдын өнүгүшү боюнча түрдүү суроолор боюнча 900 экспресс-маалымат даярдалат.

Иш чаранын катышуучуларына Улутстаткомго таандык ушул жылдын июль айында күчүнө кирген “Расмий статистика тууралуу” жаңы Мыйзамы боюнча маалымат берилди. Мыйзамдын негизги максаты улуттук статистикалык системанын эффективдүү иштешин камсыздап келген  расмий статистика тармагындагы БУУнун фундаменталдык принциптерине шайкеш келтирүү, ошондой эле  сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү  болуп  саналат.

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистика башкармалыгынын башчысы Назира Керималиева туруктуу өнүгүү Максаттарына жетүүнүн мониторинги жана отчеттуулугу боюнча маалымат берди. Бул максатта Улутстаткомитеттин расмий сатында ТӨМдүн отчеттуулугу боюнча улуттук платформа жүктөлүп, анда 102 глобалдык жана 57 улуттук максаттардын көрсөткүчтөрү жайгаштырылган.

Мындан тышкары COVID-19 ооруусуна байланыштуу карантиндик чаралардын статистикага тийгизген таасири, керектөө бааларынын жана тарифтердин статистика ишин жүргүзүү тууралуу сөз болду.

Белгилей кетсек, Улутстатком пандемиянын үй чарбалыгына тийгизген таариси тууралуу сурамжылоо жүргүзүүнү демилгелеп, мекеменин расмий сайтында сурамжылоо боюнча шилтеме ачылды.

Жыйынтыгында, иш чаранын катышуучуларына расмий статистиканын пайдалануучулары менен коммуникция иштерин арттыруу боюнча журналисттердин, бизнес чөйрөнүн, мамлекеттик органдардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнүн сунуштары видео-кайрылуу аркылуу тартууланып, алардын суроолоруна Улустаткомдун эксперттери түз ободо жооп беришти.

****

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 Улутстаткомунун Пресс-кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер