УЛУТ НАРКЫ – УЛУУ ИНСАНДАРДА

  • 13.02.2023
  • 0

Талас районуна караштуу Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектебинде өткөн облустук семинарда Кыргыз эл мугалими Бектур Исаковдун усулдук ыкмаларын жайылтууга багытталды. 

 

УЛУТ НАРКЫ – УЛУУ ИНСАНДАРДАЭл мугалими Б.Исаковдун педагогикалык табылгаларын, кыргыз тилин жана адабиятын окутуудагы өзгөчөлөнгөн усулдук ыкмасын жайылтуу — учур талабы. Агайдын билим берүүдөгү усулдук ыкмаларын пайдалануу аркылуу мектеп окуучуларына сапаттуу билим берүү колго алынып жатканын мугалимдер белгилешүүдө.

“Улукман” жатак-мектебинин мугалими Кундуз Султаналиеванын айтымында, Бектур агайдын  усулдук ыкмалары окуучуларга сабакты туура түшүнүүгө чоң жардам берет.    — Ачык сабактарга катышып, жакшы ыкмаларды, тажрыйбаны топтоп алдык. Бектур агайдын ыкмалары менен окутуп келгенбиз жана окута беребиз, — дейт мугалим.

Облустук семинарда кыргыз тилчи мугалимдер окуучулардын катышуусунда Бектур Исаковдун усулдук ыкмасы катары “Кеп куржуну” ачык сабагын көрсөтүштү. Анда балдар көөнөргөн сөздөрдөн куралган макал-лакаптарды чечмелеп, таймашты.

Ал эми Байсейит Эшманбет атындагы мектептин директору Кенжебүбү Насекованын айтуусуна караганда, агайдын ыкмасы улуттук педагогикага түздөн-түз тиешеси бар.

— Мугалимдердин иштешине да, кыргыз тилин өнүктүрүп кетишине да зор салым кошот, балдарга дагы жөнөкөйлүгү менен сиңимдүү болот, — дейт директор.

Өткөн 2022-жыл – “Бектур агай жылы” деп жарыяланган. Жыл ичинде билим берүү мекемелеринде түрдүү семинар, тренингдер өткөрүлүп келген. Бул саамалыктар үстүбүздөгү жылдын май айында жыйынтыкталып, мыктылары аныкталат.

Талас райондук, шаардык бөлүмдүн башчысы Борончу Өмүркановдун билдирүүсүндө, Таластагы мектептердин өзүндө чыгармачыл мугалимдердин кербени уланат. Жыйынтыгында  мыкты деген сабактар телевидениеде чагылдырылмакчы.

Педагогиканын чебери Бектур Исаков 54 жыл ичинде 56 илимий-педагогикалык эмгек жазган. Анын усулдук ыкмаларын республикага жайылтуу иши уланууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер