УЛАНМЫРЗА КАРЫПБАЕВ МОСКВАДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ЧЕТ ЭЛДИК АЛГАЧКЫ РЕЖИССЕРУ БОЛДУ

  • 27.08.2026
  • 0

Учурда Москва шаарында чыгармачылык изденүү, кесиптик тажрыйба алмашуу жана жаңы сахналык эмгектерди жаратуу максатында ар кайсы өлкөлөрдүн режиссерлору менен актерлорунун башын бириктирген Россия театр ишмерлер союзунун (РТИС) эл аралык театр лабораториясы өтүп жатат.

УЛАНМЫРЗА КАРЫПБАЕВ МОСКВАДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ЧЕТ ЭЛДИК АЛГАЧКЫ РЕЖИССЕРУ БОЛДУ

​Бул жолку лабораториянын өзгөчөлүгү — алгачкы ирет башка өлкөнүн театр ишмери режиссер катары катышууга чакырылды. Тандоо жыйынтыгы боюнча бул мүмкүнчүлүккө кыргыз режиссеру, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев ээ болду. Бул жөнүндө Россия ТИС маалымдады.

​Лабораториянын алкагында Уланмырза Карыпбаев Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча сахналык эмгекти даярдайт.

​Лабораторияда Кыргызстандын атынан сынактан ийгиликтүү өткөн актерлор да бар. Долбоорго Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын актеру Дмитрий Балбекин, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академик драма театрынын актрисасы Гульнара Сатарова жана Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актеру Талант Апыев да катышууда.

​Спектаклдин жыйынтыктоочу көрсөтүүсү Москвада, Россия Театр ишмердүүлүгү союзунун «Боярские палаты» сахнасында өтөт.

​Кыргызстан өкүлдөрүнүн Россия ТИСтин долбооруна катышуусу эл аралык театр байланыштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп саналат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер