УЛАНБЕК УСЕКОВ: “ЖАШ МУУНДУ СЕРГЕК ЖАШООГО, ЭМГЕККЕ ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО – БИЗДИН ЭҢ НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИБИЗДИН БИРИ”

  • 11.04.2023
  • 0

2023-жылдын 10-апрелинде Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасындагы универсиаданын ачылыш аземи болуп, ага билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков катышты.

УЛАНБЕК УСЕКОВ: “ЖАШ МУУНДУ СЕРГЕК ЖАШООГО, ЭМГЕККЕ ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО – БИЗДИН ЭҢ НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИБИЗДИН БИРИ”

Министрдин биринчи орун басары ар бир окуу жайдын студенти кесибин мыкты билүү менен гана чектелбей, спортту кошо ала кетүүсү керектигин айтты.

“Биз жаштарды спорт менен машыгууга үндөшүбүз зарыл. “Дени сак улуттун келечеги тунук” дегендей, ар бир жарандын аң-сезиминде спортко карата туура көз караш калыптанышы керек. Анткени дене тарбия жана спорт – бул жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Сергек жашоо ыңгайын калыптандырып, коомдогу жат көрүнүштөргө каршы жалпылап күрөшүү – баарыбыздын милдетибиз. Элибиздин ден соолугун чыңдоо, жаштарды эмгекке, спортко жана мекенчилдикке тарбиялоо – биздин эң негизги  милдеттерибиздин  бири”, — деп билдирди Уланбек Усеков.

Белгилей кетсек, универсиадага жалпысынан 30дан ашык жогорку окуу жайдан 4000дей студент спорттун 17 түрү боюнча күч сынашат. Таймаштар 10-апрелден 28-апрелге чейин уланмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер