УЛАНБЕК УСЕКОВ “БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ФОРУМУНУН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

  • 25.04.2023
  • 0

25-апрелде билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков мектеп окуучуларынын жана студенттердин “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары” Эл аралык форумунун салтанаттуу ачылышына катышты.

УЛАНБЕК УСЕКОВ “БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ФОРУМУНУН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

“Форум билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, долбоордук, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле жаштардын өлкөбүздүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө практикалык катышуусунда чоң роль ойнойт”, — деп белгиледи министрдин биринчи орун басары.

Уланбек Усеков Билим берүү жана илим министрлигинин атынан катышуучуларга ийгиликтерди каалап, форумдун 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.

24-28-апрель күндөрү Бишкекте өтө турган форумга Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын Азербайжандан келген 400дөн ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышууда.ф

Бөлүшүү

Комментарийлер