УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫГА КЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 29.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өлкөнүн бардык аймактарынан Президенттик балатыга келген балдар менен жолугушту.

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫГА КЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 1 100 бала чакырылган. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ж. б. бар.

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫГА КЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Белгилей кетсек, 28-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык балаты өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер