УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ — БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН РЕКТОРУНУН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ

  • 30.07.2024
  • 0

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Уланбек Мамбетакунов Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жакында эле мектепке чейинки билим берүү системасын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу максатында Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи институт болуп өзгөргөн.

 

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ - БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН РЕКТОРУНУН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ

 

Уланбек Мамбетакунов буга чейин Роза Отунбаеванын демилгелери фондунда программалык директор болуп иштеп турган.  2022-жылы Билим берүү жана илим министринин милдетин аткарган.

Ал 1974-жылдын 25-сентябрында туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техника факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1993–жылы №28 орто мектебинде физика мугалими болуудан баштаган. 1995-2002-жылдары №47 орто мектебинде информатика, астрономия жана физика мугалими, 2000-2002-жылдары КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтундагы Компьютердик технология департаментинде окутуучу болуп иштесе, 2003-2005-жылдары Кыргыз-түрк кыздар лицейинде информатика мугалими, 2004-2009-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында маалыматтык укук жана табигый-илимий дисциплина кафедрасынын доценти, 2005-2007-жылдары КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтундагы Компьютердик технология департаментинин деканы болгон. 2008-жылдан 2012-жылга чейин Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери, 2008-2010-жылдары КУУнун инновациялык технология боюнча Евразия институтунда менеджер, доцент, 2010-2011-жылдары Бишкек финансы-экономикалык академиясынын маалыматтык технология борборунун директору болгон. Андан кийин да бир катар окуу жайларда жетекчилик, окутуучулук милдеттерди аткарса, 2019-2022-жылдары Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, 2022-жылдын март айынан октябрына чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

Бөлүшүү

Комментарийлер