УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ — БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ

  • 03.10.2022
  • 0

Уланбек Мамбетакунов Президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Алмазбек Бейшеналиев бул кызматтан бошотулду.

 У. Мамбетакунов 2022-жылдын 16-мартынан бери министрдин орун басары болуп иштеп келди.

 

ӨМҮР БАЯНЫ

Туулган күнү: 1974-жылдын 25-сентябры.

Туулган жери: Бишкек шаары.

Билими:

1991-1996 – Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультети, физика адистиги, мугалим;

1996-1999 – Кыргыз мамлекеттик университети, аспирантура.

Илимий даражасы, наамы:

2002 – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий даражасы: педагогика илимдеринин кандидаты (физика), №001007;

2006 – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий наамы: «Педагогика» адистиги боюнча доцент, №001017;

2012 – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий даражасы: педагогика илимдеринин доктору, ID №000839;

2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы, илимий наамы: «Педагогика» адистиги боюнча профессор, ПА №001148.

Билген тилдери: кыргыз, орус, англис.

Эмгек жолу:

2022 – Билим берүү жана илим министринин орун басары;

2019-2022 – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти;

2017-2019 – Адам университети/Бишкек финансы-экономикалык академиясынын профессору;

2010-2017 – Адам университети / Бишкек финансы-экономикалык академиясынын фундаменталдык дисциплиналар кафедрасынын башчысы;

2013-2016 – Евразия университетинин профессору;

2014-2014 – Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин математика, физика жана информатиканы окутуунун методикасы кафедрасынын чакырылган профессору;

2013-2014 – Эл аралык Плато университетинин профессору;

2010-2011 – Бишкек финансы-экономикалык академиясынын Маалыматтык технологиялар борборунун директору;

2008-2010 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Евразия инновациялык технологиялар институтунун доценти;

2008-2009 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Евразия инновациялык технологиялар институтунун менеджери;

2008-2012 – Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери;

2007-2008 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар институтунун доценти;

2005-2007 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасынын деканы;

2004-2009 – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын табигый илимдер жана маалымат укугу кафедрасынын доценти;

2003-2005 – Кыргыз-Түрк кыздар кесиптик лицейинин информатика мугалими;

2002-2005 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун табият таануу бөлүмүнүн башчысы;

2000-2002 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасынын окутуучусу;

1995-2002 – Бишкек шаарындагы №47 орто мектептин физика, астрономия жана информатика мугалими;

1993-1994 – Бишкек шаарындагы №28 орто мектептин физика мугалими.

Долбоордогу ишмердиги:

2017-2018 – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо» долбоорунун (Азия өнүктүрүү банкы) окуу китептерин башкаруу боюнча координатору;

2016-2017 – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо» долбоорунун (Азия өнүктүрүү банкы) окуу китептерин башкаруу боюнча адиси;

2013-2022 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Фундаменталдык илимдер институтунун изилдөөчүсү;

2012 – «Афганистан үчүн баштапкы кесиптик программа: Орто билим берүүнү кесипкөйлүккө айландыруу» долбоору боюнча эл аралык эксперт-изилдөөчү;

2011 – Борбордук Азиядагы билим берүү системасын реформалоо боюнча изилдөөчү;

2011 – Улуттук маалыматтык технологиялар борбору Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен өткөргөн «Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө жаңы муундун билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу» семинарынын координатору;

2007-2010 – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу пландарын жана окуу материалдарын түзүү» долбоорунун (Азия өнүктүрүү банкы) маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар боюнча улуттук консультанты;

2009-2011 – ЮСАИДде изилдөөчү;

2006-жылдын ноябры – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы уюштурган «Жаш мугалимдер университетинде окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу» тренингинде тренер;

2006-жылдын январы – Ж.Баласагын атындагы КУУ уюштурган «Жаш мугалимдер университетинде окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу» тренингинде тренер.

Жумушчу топтордогу ишмердиги:

2019 – Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын (2021-2030) жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи үч жылдык иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча «Мектептик билим берүү» жумушчу тобунун мүчөсү;

2020 – Программанын алкагында (Санариптик педагогика) мыкты видеосабакка республикалык сынакты өткөрүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү;

2019 – Электрондук окуу китептеринин стандартын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

2019 – «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;

2020 – «Куррикулум жана STEM» боюнча жумушчу топтун мүчөсү.

Квалификациясын жогорулатуусу:

03.02.2020 – 03.04.2020 – Филиппин, Туруктуу мектептер үчүн глобалдык изилдөө долбоорунун окуу сапары;

26.06.2017 – 07.01.2017 – Ереван, Армения, Окуу китептеринин айланма фондунун иши менен таанышуу сапары;

25.08.2014 – 28.08.2014 – Ланчжоу, Кытай, Түндүк-Батыш Педагогикалык университетинин жогорку мектебинин иши менен таанышуу сапары;

01.14.2013 – 07.11.2013 – Генуя университети, Италия, Эразмус Мундус Европалык постдок программасы;

11.1.2011 – 31.05.2012 – Лакуила университети, Италия, Эразмус Мундус Европанын докторантурадан кийинки программасы;

9-19.07.2010 – «Селигер-2010» Бүткүл россиялык жаштардын билим берүү форуму, Россия, Селигер, «Инновациялар жана техникалык чыгармачылык» сменасы;

18 – 21.02.2010 – Пуэрто-Рико, Ана Г.Mendez (San Juan) университет системасы, Метрополитан университети (Cupey), дель Турабо университети (Gurabo), Фулбрайт программасынын лектору;

2009-ж. сентябры – 2010-ж. марты – Индиана университети Саут Бенд (Индиана, АКШ), Фулбрайт программасынын стипендиаты (АКШнын Мамлекеттик департаменти);

28.06 – 13.07.2009 – Өзөктүк изилдөөлөр боюнча бириккен институт (Дубна, Россия), Россиянын Улуттук борбору, «Курчатов институту» (Москва), «Наносистемаларды синхротрондук жана нейтрондук изилдөө» окуу курсу;

2006-ж. февраль-июну – М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, квалификацияны жогорулатуу курсу;

2005-ж. декабры – Пекин, Кытай, Кытайдын Борбордук телекорпорациясы, окуу курсу;

2004-ж. июль-августу – Измир, Түркия, Эге университети, «Түркиянын билим берүү системасы жана маданияты» окуу курсу;

2003-ж. октябрь-ноябры – Гуйян, Кытай, Гуйчжоу Илимдер академиясы, «Компьютердик программалык камсыздоо» окуу курсу;

2002-ж. сентябры – Лодзь, Польша, «Билим берүү жана бизнестеги чыгармачылык» конференциясы;

1999-ж. июль-октябры – Хайдарабад, Индия, Улуттук дасыктыруу борбору, окутуунун ыкмалары жана көндүмдөрү боюнча окуу курсу.

Сыйлыктары:

2021 – Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин мыктысы» төш белгиси;

2015 – Европа илимий-өндүрүштүк консорциумунун Михаил Ломоносов медалы;

2009 – Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси;

2008 – Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы;

2005 – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «алтын диплому»;

2003 – Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы;

1999 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун ардак грамотасы.

Уюмдарга мүчөлүгү:

2018-жылдан бери – Кыргыз информатика ассоциациясынын төрагасы;

2015-жылдан бери – Ачык билим берүү коалициясынын Коалициялык кеңешинин мүчөсү;

2012-жылдан бери – Фулбрайт-Кыргызстан ассоциациясынын мүчөсү;

2012-2013 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү;

2008-2010 – Кыргыз Республикасынын Жаш окумуштуулар кеңешинин жетекчиси;

2007-2010-жж. – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жаш окумуштуулар кеңешинин жетекчиси;

2006-2007-жж. – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жаш окумуштуулар кеңешинин жетекчисинин орун басары.

Комиссияларга катышуусу:

2018-жылдан бери – Жогорку аттестациялык комиссиясынын педагогика боюнча эксперттик комиссиянын төрагасынын орун басары;

2018-жылдан бери – Жогорку аттестациялык комиссиясынын антиплагиат боюнча эксперттик кеңешинин мүчөсү;

2017-2018 – Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

2013-2018 – Кандидаттык (доктордук) диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештердин (физика, математика, информатика боюнча) мүчөсү;

2011-2012 – Кыргыз билим берүү академиясы, информатика илимдеринин кандидаты, комиссиянын мүчөсү;

2011-2012 – Информатика боюнча Чүй облустук олимпиадасы, комиссиянын төрагасы;

2010-2011 – Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

2009 – Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиянын аттестациялык комиссиясынын өкүлү;

2006-2008 – Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүн аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиясы, комиссиянын төрагасы;

2011 – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту, Бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары;

2008 – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кирүү экзамендерин текшерүү комиссиясынын мүчөсү.

Бөлүшүү

Комментарийлер