УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ 2 ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 10.10.2022
  • 0

Бүгүн, 10-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Астана шаарында өткөн II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунду алган Салтанат Кеңешчоро кызын кабыл алды. 

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ 2 ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Министр эл аралык фестивалда өлкө намысын татыктуу коргогон Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызын жеңиши менен куттуктап, бала бакча — жаш балдардын коомго аралашуудагы, өнүгүүсүндөгү маанилүү этап экендигин белгиледи.

“Бала бакчада балдардын ой жүгүртүү, элестетүү, баарлашуу сыяктуу негизги жөндөмдөрү калыптанат. Азыркы санариптешүү заманында мектепке чейинки билим берүү жаңычылдыкты талап кылууда. Андыктан эл аралык тажрыйбадан алган жаңы дем, жаңы идеялар менен ушул жаатта иш алып барарыңызга ишенем”, — деди Мамбетакунов.

Ошондой эле Уланбек Мамбетакунов министрлик тарабынан педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп, алдыда көптөгөн иш-аракеттер жасаларын билдирди.

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ 2 ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ 2 ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бөлүшүү

Комментарийлер