КР УИАДА ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА СИМПОЗИУМ ӨТТҮ
- 11.09.2018
- 0
Улуттук илимдер академиясында «Тоолордун тектоникалык кыймылын, жер титирөөлөрдү болжолдоо жана алдын алуу, тоо тектеринин массивиндеги деформациялык процесстерге мониторинг» деген аталыштагы эл аралык экинчи симпозиум 10-сентябрда болуп өттү. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чараны академиянын президенти Мурат Жуматаев ачып, илимпоздордун алдыдагы ишине ийгилик каалап: “Илимдер академиясындагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө карабастан, аталган багыт бүгүнкү күндө актуалдуу болуп кала берет. Себеби мамлекеттин жетекчилиги алдына бардык тармактардагы туруктуу өнүгүү боюнча бир катар маселелерди койгон. Туруктуу өнүгүүнүн эң негизги пайдубалына илимий болжолдоо кирээри анык. Бул жерде талкууланып жаткан проблемалар: сейсмо активдүү аймактарда сейсмикалык тоболкечиликтерди төмөндөтүү, тоо тектериндеги катуу чыңалууну азайтуу, өндүрүштүк коопсуздук, кен байлыктарды казып алууда көйгөйлөр сыяктуу маселелер боюнча бир топ сунуштарды иштеп чыкканга жардам берет деген ойдомун”, – деп кошумчалап өттү.
Техника илимдеринин доктору, профессор, Илимий ачылыштардын эл аралык академиясынын академиги Кушбакали Тажибаев: “Бул симпозиумда жер титирөөнүн энергиясын азайтуу маселеси илимий негизде каралууда. Менин сунушум – кадимки жардыргычтардын ордуна ядролук заряддарды пайдаланып, чыңалууларды азайталы деп жатабыз. Бул эки жагынан пайдалуу, бир жагынан биз элдердин коопсуздун камсыздайбыз, экинчи жагынан ядролук заряддар топтолуп калган. Аны сактоо – көп каражаттарды сарптоону талап кылат. Муну жаңы багыт катары мүнөздөп, көп ийгиликтерге алып келет деп эсептейм”, — деген пикирин билдирди.
Москвалык окумуштуу Михаил Коваленко болсо жер титирөө боюнча иш-чараларга көптөгөн изилдөөчүлөрдүн келбегендигин өкүнүү менен билдирип, кыргыз окумуштууларынын бул тармактагы ийгиликтүү иштерин белгилеп кетти.
“Геофизика илими Кыргызстанда да негизделген эмеспи. Ошол эксперименталдык шахталардан алынган маалыматтар Москвага, Санкт-Петербургга жетип, андан нары академиялык мүнөзгө ээ болуп отурат. Ал эми мага Кушбакали Таджибаевичтин изилдөөлөрү жакты, себеби өтүп жаткан симпозиумдун проблемасынын теориясы бизде иштелип чыккан, ал эми Тажибаевде практикалык материалдар бар. Демек, биз алдыга койгон максат үчүн эки маалыматты бириктирип, сапаттуу сунуштама жасай алабыз”, — дейт Михаил Коваленко.
Петропавловск-Камчатка шаарынан келген геология-минералогия илимдеринин доктору Галина Копылова болсо: “Сейсмо активдүү райондордогу кен байлыктардын геологиялык өзгөчөлүктөрүнө, сейсмо туруктуу курулушка, палеосейсмологияга, кулашы мүмкүн болгон кен байлыктар бар жердин геомеханикасына, геофизикасына жана тектонофизикасына тийиштүү изилдөөлөрдүн деңгээли жогору экен. Бул изилдөөлөр көп окумуштуулардын кызыгуусун туудурат деп ойлойм”, — деген оюн билдирди.
Комментарийлер