Учурдагы кырдаал эки министрликте талкууланды

  • 14.02.2025
  • 0

Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугуп, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу, көзөмөлдү күчөтүү жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө иштин негизги багыттары катары өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын көбөйтүү, аларды иш бөлмөсү менен камсыздоо, видеобайкоо системасын кеңейтүү, айрым мектептерде орнотулган «Коопсуз баскычтарын» башка мектептерге да коюу сунушталды. Бул окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тобокел тобундагы балдарды аныктап, мугалимдер менен өз ара аракеттене турган кызматкерди ар бир мектепке бекитүүгө мүмкүндүк берет.

“Бизде көйгөй жеринде, себеби райондук билим берүү башкармалыктарын аким менен айыл өкмөтү башкарат. Жер-жерлерде Жаштар комитети, маданият бөлүмдөрү бар, тарбия менен күрөшүү иштери алардын мойнунда. Министрлик билим берүү процесси, мугалимдердин кесиптик чеберчилиги, окуу китептери сыяктуу маселелер менен алекпиз. Мектептерде ар бир бала менен иштегенди билген мугалимдер бар. Соцпедагог тобокел тобундагы балдар менен иш алып барат. Мындан сырткары, агрессияга чакырган контентти чектеп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган, ата-эненин жоопкерчилигин күчөткөн иштерди аткарышыбыз керек”, – деди министр.

Учурда Бишкектеги билим берүү мекемелеринде 214 видеокамера орнотулган, анын 144 КР ИИМ кырдаалдык борбору менен байланышкан.

Тараптар окуучуларды коргоо деңгээлин жогорулатуу жана жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү үчүн кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер