Окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү – №89 мектептеги курулуш иштеринин жүрүшү
- 16.09.2025
- 0
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Учкун конушунда жайгашкан №89 орто мектептин аймагына кошумча имарат курууну баштады.

Жаңы имараттын жалпы аянты 5607 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттуу болуп, жер төлөсү менен 570 окуучуга (20 класс) ылайыкталган.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча №89 мектептин имараты авариялык абалда деп аныкталган. Жаңы корпустун курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-августундагы №266 токтомуна ылайык, Бишкек шаарында социалдык объектилерди тездетип долбоорлоо жана куруу алкагында жүргүзүлүүдө.
Учурда аталган жерде котлованын казуу иштери жүрүп жатат. Курулушту аяктоо 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышында пландалууда.
(БК)
Комментарийлер