УҢГУЖОЛ — УЛУУ БАГЫТ

  • 30.04.2025
  • 0

Ушундай аталыштагы таасирдүү иш-чара 28-августта «Кут Билим» гезитинин активдүү авторлорунун катышуусунда  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы орто билим берүүчү мектебинде болуп өттү.

УҢГУЖОЛ — УЛУУ БАГЫТ

— Бул семинар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгужол жөнүндөгү» Жарлыгын жүзөгө ашыруу жана мектеп окуучуларын улуттук баалуулуктарды кастарлоо менен окуп-үйрөнүүгө тарбиялоо, сабак өтүүнүн алдыңкы усулдарын жайылтуу максатын көздөйт, — деди республикалык деңгээлдеги семинардын уюштуруучусу, Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 мектептин директору Узен Атаканов.

Республикалык өз ара тажрыйба үйрөнүү семинарына тоолуу өлкөбүздүн агартуу тармагында өздөрүнүн чыгармачылык аракеттенүүсү жана жетишилген ийгиликтери менен таанылган алдыңкы педагогдор: борборубуздагы Профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова, Жети-Өгүз районунун Данаке Иманов атындагы мектебинен Билим берүүнүн мыктысы Шайыр Ашырова, Талас облустук чет тилдер багытындагы лицейден Эдиса Кыдырмышова, Кара-Көл шаарынан Байыш Мүсүралиев, Алай районунан Сыдык Мамыров, Кара-Суу районунан Инаят Жаманкулова менен Замира Атакулова, Ноокат районунун кечки мектебинен агартуу ардагери Абдиназар Эргешов, Сузак районунан Урниса Нурбаева, Бактыгүл Акматова, Чолпон Кадырова катышып, тарбиялык ачык сабактар, предметтик сабактар боюнча өз ойлорун ортого салып, баалуу сунуштарын айтышты.

Өз ара тажрыйба алмашуу семинарына күбө болушкан Кербен шаарындагы жалпы орто билим берүүчү мектептердин жетекчилери, алдыңкы мугалимдер, райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын өкүлдөрү да, «Унгужол» программасын ишке ашырууда чыгармачылык менен изденип иштеп жаткан мектеп жамаатын мыкты табылгалары менен куттукташып, тарбия ишинде мындан да зор ийгиликтерди каалашты.

P.S. Семинар тууралуу кенен маалыматты «Кут Билим» гезитинин жакынкы сандарынан окуй аласыздар.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер