ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ПЛАТФОРМА
- 28.05.2025
- 0
«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин студенти Эламан Токтошев Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү максында «Nomado» платформасын иштеп чыкты. Ал – Кыргызстандагы тур компаниялары менен гиддердин башын бириктирип, чет элдик туристтерге ыңгайлуу эс алуу тартуулайт.
Эламан Токтошев компьютердик инженерия жана информатика факультетинин прикладдык математика жана информатика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти. 2-курстан бери гид кызматын аркалап жүрүп, “Кымыз трэвел” компаниясын негиздеп, Европа өлкөлөрүнөн жана Араб Эмираттарынан, Сингапурдан келген туристтерди тейлеп жүргөн. Ошентип туризм тармагындагы бир канча көйгөйлөрдү байкаган. Ал — Кыргызстанга келген туристтер үчүн бирдиктүү платформанын жоктугу. Себеби алардын ар кайсы тур компанияларга байланышып, тур жөнүндө маалымат сурап кыйналып жатканын көргөн. Ошондой көйгөйдү чечүү үчүн «Nomado» платформасын иштеп чыгуу идеясы пайда болгон. Аны ишке ашырууда окуу жайдын инновациялык өнүктүрүү жана изилдөө борборунун жетекчиси Радмир Гумеровдун «Стартап: идеядан ишке чейин» курсунун салымы зор. Анда окутуучу студенттерге стартаптарды түзүүнү үйрөтүп, долбоорлорду иштеп чыгууда насаатчылык колдоо көрсөтөт.
«Nomado» платформасына тур компаниялары менен гиддер өз кызматы тууралуу маалымат жүктөйт. Туристтер платформага кирип, өзүнө жаккан турду карап, бааларын салыштырып, өзгөчөлүктөрүн, локациялар менен таанышып, онлайн төлөм да жүргүзө алышат. Негиздөөчүнүн айтымында, көпчүлүк туристтер акча каражатын жанына алып жүрүүдөн кооптонуп, онлайн төлөөнү ыңгайлуу көрөт. Буга чейин Кыргызстанда тур акысын онлайн төлөөчү платформа жок болгондуктан, банкомат издеп убара болушчу. Азыр сайттан эле баарын тактап, убакытын бир топ үнөмдөйт.
- IT кызматкери катары бир-эки компанияда иштегем. Кийин англис тилин жакшы билгеним жардам берип, досторумдун сунушу менен гид болуп иштеп калдым. Ошондо IT кызматкери менен таанышып калдым. Ал аралыктан иштеп, калган учурда гид болуп иштеп, саякаттайт экен. Ойлоп көрсөм, ал бир учурда дүйнө кыдырып, иштеп да жүрөт. Мага жакты. Туризм тил билүү жана менеджерлик талантты талап кылат. Азыр Кыргызстандын бардык жерлерин көрдүм, эми максатым — дүйнө кыдыруу, — дейт студент.
Учурда платформада отуздан ашуун турдун түрү камтылган, анын ондон ашыгы тур компаниялар болсо, калганы гиддердин кызматы. Ар бир турда так маалымат: акчасы, ЗD моделдеги локациясы, сүрөттөр, өзгөчөлүктөрү, башка кардарлардын пикирлери, убакыты жазылган. Платформага катталган тур компаниялар, гиддер дагы да көп, бирок, азырынча алар тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен же маалыматты толук толтурулбагандыктан платформада көрсөтүлбөйт.
Эламан Токтошевдин пикиринде, ар бир тур компания платформадагы профилине өз алдынча кирип, балансындагы каражатты, кардарлардын санын көрүп, маалыматтарга алымча-кошумчаларды киргизе алышат. Келишимдин негизинде брондолгон турду убагында ишке ашырууга, “отмена” жасабоого милдеттендирет, туристке туура мамиле кылуу сыяктуу моралдык талаптар гана коюлат. Терс пикирлер көп болгон учурда четтетилет. Платформа кичи жана орто тур компаниялары үчүн. Бул аянтчага туристтердин саны азыраак компаниялар келип, кардарларынын санын арттырууга болот. Ал эми ири компаниялардын жеткиликтүү партнёрлору болгондуктан аларда кардар тартууга муктаждык деле жок.
- Тур компаниялар бизге байланышып, кайсыл бир маалыматты алып же кошуп коюбузду суранбай, түз эле өзгөртүү киргизе алышат. Албетте, ар бир компания бизге катталардан мурда верификациядан өтүшөт. Эгерде бардык маалыматтар туура жана так болсо, биз макулдугубузду берип, онлайн форматта келишим түзөбүз. Эгерде акчасын чыгарууну кааласа билдирүү жиберет, биз автоматтык түрдө которобуз. Платформадагы бардык функциялар колдонууга жеңил. Биз болгону айрым катачылыктарды текшерип турабыз. Туристтер мейманканалардагы ресепшнге кайрылып, ар кандай турларды сурап, убакытын алышат. Тур жакпай калса да нааразылыгын билдирүүсү ыктымал. Ошол себептен платформада бардык жоопкерчилик кардарга жүктөлүп, өзүнө каалагандай турду тандайт. Акырындан тур брондоп жаткан туристтерибиз пайда болууда. Тур компаниялары менен байланышып, кызматташууга чакыруудабыз. Мейманканалар да табличкаларыбызды ресепшнга коюуда, — дейт Эламан Токтошев.
Ошондой эле студент бул платформаны иштеп чыгуу үчүн беш ай убакыт сарпталып, онлайн төлөм жүргүзүү функциясын киргизүүдө кыйынчылык жаралганын, ал маселе казак платформасы аркылуу чечилгенин билдирди. Андан сырткары, Google аркылуу издөөдө биринчи маалымат катары чыгаруу да убакытты талап кылган. Бирок азыр чоң маселе жок. Ошентсе да кардарлардын суроо-талаптарына жараша толуктоолорду киргизип, улам жаңылап турат. Платформанын кардарлары үчүн кызыктуу акцияларды уюштуруп, промокод, купондор аркылуу ар кандай жеңилдиктер берилет.
«Nomado» платформасынын аталышы «көчмөн» деген сөздөн келип чыкан. Ал эми “О” тамгасын уккулуктуулугу жана бат эсте калгандыгы үчүн ChatGPT сунуштаганын айтат. Платформадагы маалыматтар орус жан англис тилдеринде. Анын дагы бир артыкчылыгы — жасалма интеллект кызмат көрсөткөндүгүндө. Турист каалаган суроосун берип, Кыргызстан жөнүндө туура жана так маалыматты алса болот. Маселен, үч күнгө келген турист “Үч күндүк геолакацияларды сунушта”, “Кайсыл жерде эң даамдуу бешбармак” же “Кызыктуу жерлер” деп жазса, бардык маалыматтарды: барчу жерлери, телефон номурларынан бери чыгарып берет. Атүгүл, айыл же жайлоолордогу боз үйлөрдүн, жылкы берүүчү адамдардын номурунан бери көрсөтүп бере алат. Жаратуучулар бул жасалма интеллектти атайын окутуп, интернеттеги маалыматтарды болушунча так, даана бергенге аракеттенишкен.
«Nomado» платформасынын үстүндө алты студент эмгектенет. Негиздөөчүнүн айтымында, ишке киргенине эки айдын гана жүзү болду. Ар бир брондолгон турдан 10% киреше түшүп турат. Бирок түшкөн каражат азырынча жарнамага гана кетүүдө. Дагы да туристтерди тартуу максатында “Манас” аэропортуна барып, маалымат берүүнү көздөйт. Мындан сырткары, коңшу жана чет өлкөлөрдөгү тур компаниялары менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Платформанын чыкканына аз убакыт болсо дагы кардарды таап, колдоого алынууда. Колдонуучулары: тур компаниялар менен гиддер жалаң гана жакшы пикирлерин билдирип, ыңгайлуулугун баса белгилеп, кошулууну каалагандардын саны да артууда. Ал эми туристтер платформанын тиркемесин иштеп чыгууну сунуштоодо. Эламан Токтошев долбоорду пилоттук негизде бир жыл текшерип көрүп, андан кийин тиркемесин иштеп чыгууну пландоодо.
Туристтер үчүн арналган бул платформа студенттин алгачкы эмгеги эмес. Ага чейин Educo платформасын иштеп чыккан. Ал окуу жайдын алдыңкы жана сабактан жетишпеген студенттерди байланыштырат. Тактап айтканда, жакшы окуган студенттер ментор катары катталып, өзү тууралуу маалыматтарды платформага киргизет да, көрсөтүлгөн баага онлайн же офлайн форматта окуусуна жардам берет. Ал эми колдонуучу алдын ала брондоп, менторлордон сабак алат. Азырынча бул платформаны бир гана “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин студенттери колдоно алышат.
АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”
Комментарийлер