ТРАНСПОРТ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫНА АРНАЛДЫ

  • 31.05.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Транспорт жана экология институтунда «Транспорттун, экологиянын жана жаштар саясатынын маселелерин чечүүгө жаш муундардын илимий жана практикалык багыттагы көз карашы» аттуу эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция Транспортто ташууларды уюштуруу, жол кыймылынын коопсуздугу жана бажы иштери; Автомобил өнөр жайы жана тейлөө. Транспорт, технологиялык машиналар; Региондордун экологиялык абалынын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору (тармактар ​​боюнча); Өлкөнүн өнүгүшүндөгү жаштардын ролу; Тил — бул иш-аракеттердин бардык чөйрөлөрүнүн өз ара байланышындагы негизги фактор аттуу беш секцияда иш алып барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө «БАМАП-СЕРВИС» унитардык ишканасынын директору, т.и.к., доцент, Эл аралык транспорт академиясы академиги Андрей Королев (Беларусь Республикасы), М.Тынышпаев атындагы Казак транспорт жана коммуникация академиясынын проф., т.и.д. Жанбиров Жумажан (Казакстан), И.Раззаков атындагы КМТУнун транспорт жана машина куруу факультетинин деканы, т.и.д., проф. Маткеримов Таалайбек, КРСУнун автомобиль транспорту кафедрасынын башчысы, т.и.д., проф. Глазунов Дмитрий, К.Скрябин атындагы КУАУнун доценти, т.и.к. А.Калманбетова, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун өкүлү, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ТРАНСЭКОИН директору, т.и.д., проф. Шатманов Орозбек, Магистратура институтунун директору, э.и.к., доц. Сыдыкова Чолпон, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к. Карагулова Махабат жана кафедра башчылары куттуктоо сөз сүйлөө менен бардык катышуучуларга ийгилик каалашты.

Конференциянын жүрүшүндө 50дөн ашуун чет элдик жана республикалык катышуучулар өз баяндамаларын сунушташты. Бардык отчеттор өзүлөрүнүн изилдөө чөйрөсүндө актуалдуу болуп, катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Конференциянын жыйынтыгы боюнча:

— студенттердин, магистранттардын жана окутуучулар курамынын ортосунда өз ара пикир алмашуу, кесиптик ишмердүүлүккө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн “Билим булакчасы” чыгармачыл тобун түзүү сунушталды;

— мыкты макалалар КМКТАУ илимий журналына жарыяланууга сунушталды жана бардык катышуучулар активдүүлүгү сертификаттарга ээ болушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер