ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ  

  • 02.11.2020
  • 0

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган COVID-19 оорусу жай жашаган тоолуктардын да тынчын алып, мектеп окуучуларын адаттан сырт окуганга дуушар кылды.  Алыскы Нарын  районунун  Кара-Кужур өрөөнүндөгү  Жер-Көчкү  айылынын  Баймоӊол  Кыязов  атындагы  орто  мектеби да аралыктан билим алып жатышат. 117 окуучу билим алган мектеп онлай окутуунун күңгѳй-тескейинин капшабында калды.

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ  

Адал эмгек астыӊа ат, үстүӊө тон

Баймоӊол  Кыязов  атындагы  орто  мектебинин директору Мирзат Мамбетованын берген маалыматына таянсак, сарайлардан  ат  менен  келип окуган  окуучулар да  жок эмес.

— Хундардын «ызылдаган ышкырыктуу жебелериндей» ызылдаган бороон-чапкында  кээ бир  окуучулардын  мектепке  келүүсүнө  кыйынчылыктар  жаралат.  Дүйнө  жүзүн  каптаган  илдет  бизге да таасирин  тийгизбей койгон  жок. Аралыктан  окутууда  бир катар жетишкендиктер  менен  кыйынчылыктар  да болду.  Онлайн  сабак  өтүүдө эч кандай  материалдык -техникалык  базабыз болбосо  дагы,  «Адал эмгек астыӊа ат, үстүӊө тон» дегендей,  биздин  мугалимдер  жамааты  өз алдынча компьютер, ноутбук жана телефондорду алып, жигердүү эмгек жаратканы ата-энелерди да шыктандырды.  Коом дүрбѳлѳнгѳ  түшүп, эл элендеп,  акчалуулар алапайын таппай турганда, «караңгыда кѳз таап, капилеттен сѳз тапкан» мугалимдер  окуучуларга эле эмес,  айыл элин да маалымат менен камсыз кылып, бүгүнкү  күндүн Дүйшѳнү боло алышканы сыдыргыга салгандай, жумурай журттун көз алдында шурудай тизилип алкыш менен  коштолгону чындык, — дейт мектеп жетекчиси.

Уйкусуз күндөр артта калды     

Деӊиз  деӊгээлинен  3000 метр  бийиктикте жайгашкан климаты оор шартта билим пайдубалын кынап, дубалын жеңилдеткен  мектеп  жамааты  көптөгөн  ийгиликтерге  жетишти.

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ   ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ  

—  «Кызара жортсон, саргара бортосун» дегендей, кѳптѳгѳн уйкусуз түндѳр арасында интернет булактарын пайдалануу да кѳйгѳй болсо, азыр бир аз түйшүк жеңилдеп келе жатат. Интернет  булактары  аркылуу (Whatsapp,   Telegram)  видеосабактарды, онлайн  кечелерди  Meet, Zoom  программаларын  колдонуп,  сабак  өтүп  жатабыз. Башталгыч   класстын   мугалими  Мурзакожоева  Чолпон эжебиздин   онлайн «Алиппе»   майрамы коомчулукта чоң кызыгууну жаратты.   Билим  таанытуучуларыбыздын  видеосабак  даярдоосунун  аркасында  Б.Кыязов атындагы  орто  мектеби  Нарын  райондук Билим берүү бѳлүмүнүн  ыраазычылык  катына  ээ  болду. Мугалимдерибиз  «Санарип мугалим» сынагына, онлайн-тренинг, семинарларга  катышып, сертификат  алышты, — дейт Мирзат Мамбетова.

Ийгиликтер

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ  

Онлайн сабак  өтүүдө  өзгөчө видеосабактарды  даярдагандыгы   үчүн Бейшеева Аида Нарын облусунун  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  грамотасы, Зарлыкова  Жылдыз Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн  Ардак  грамотасы  менен   сыйланышты. Мугалимдерге райондук билим берүү бөлүмү  тарабынан методикалык жардамдар көрсөтүлүп, онлайн тренингдер өтүлүп жатат.

— Биздин окуучулар дагы ийгиликтен  куру калган жок. Мисалы,  Нарын мамлекеттик университети  тарабынан өткөрүлгөн   «Пандемия учурундагы зордук-зомбулукту болтурбоо» деген дилбаян  сынагынан  Нарын облусунун  ичинен  биздин мектептин  10-классынын   окуучусу   Асекова  Айгерим  баш байгени камсыз кылды, — дейт жетекчи.

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ  

Ата-энелер менен байланыш  

Өлкөбүздөгү  оор  кырдаалда  ата-энелер  да сыртта калган жок.  Колунан келген жардамдарды берип турушканын мугалимдер айтышууда.

  • Ата-энелер менен келишим  түзүп (мектептин жана  ата-энелердин милдеттери  так  жазылган) окуучуларыбызды  телефон  жана  бирдик  менен  камсыз  кылып, сабакка  катышуусуна  көзөмөл жүргүзүп  жатышат. Бирок  «Тыйындын  эки  бети  бар» демекчи,  кээ бир  ата-энелерибиз  кѳбүнесе мал сарайларда мал багуу менен алектенишет жана бул жерлерде интернет байланышы начар. Билимге умтулууга аракет кылган жаш муундарыбыз интернет байланышка чыгуу үчүн атайын ат менен кыр-кырларга чыгып, сабакка катышууга аракет кылганы бир чети кубандырса, бир чети айла жоктун аргасы дейсиң. Онлайн сабак ѳтүүдѳ окуучулардын кызыгуусу жоголуп, билим сапаты кыйла тѳмѳндѳп кетти.  Мындай  жүрүш менен биз качан гүлдѳгѳн Кыргызстан курабыз? — деген ой келет.  Кеп чынынан бузулбайт, окуучулар онлайн окутууга толук жүз пайыз катышат дегенден алысмын, бул  кѳйгѳй биздин эле мектеп эмес, жалпы билим берүү мекемелерин да капшап ѳтүп жатат, — дейт кыргыз  тили мугалими Г.Калиязова.
  • ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ  

Материалдык-техникалык база

Онлайн сабак ѳтүүдѳ  жаралган кыйынчылыктар менен катар мектепте бир топ жетишкендиктер бар. Жыл ичинде мектепке демѳѳрчүлѳр тарабынан  жүз элүү миң сомго  инвентарлар келди. Мектеп жетекчиси балдарга ысык тамак берүүдѳ  МерсиКо уюму менен тыгыз иш алып барууда. Ашканага 450 миң сомдук инвентарлар алынып келип, окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

  • «Келгиле, окуйбуз» долбоорунун «Билим үчүн азык» программасынын алкагында мектепке 300дѳн ашык жомок китептер берилди. МерсиКонун «Санитардык-гигиеналык абалды турукташтыруу» долбоору ишке ашып, заманбап ажааткана курулууда.  Агахан  фондусуна «Санарип технология» долбоору жактырылып,  жүз миң сомго компьютерлер келди, — дейт Мирзат Мамбетова.

 Мектеп тарыхы  

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕПТИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУСУ  

  • Биздин мектеп  1967-жылы  салынган  эски  имарат.  Баймоӊол Кыязов  атындагы орто мектебинде   жалпы  27  мугалим  эмгектенет.  Анын ичинен  беш  мугалим  «Эл агартуунун отличниги».  Билимканабыз  эски   болсо  дагы,  ичиндеги  эмгектенген   билим  таанытуучуларбыздын  ийгиликтери жаӊыланып  турганы  бизди  абдан  кубандырып келет. Турмуш  шартыбыздын  татаалдыгы жана райондун борборунан 150 км.  алыстыкта  жайгашканыбызга   карабастан,  акыркы үч жыл  ичинде  мектеп администрациясынын жаӊыланышы, жаш  мугалимдердин  билим  уябызга  келип  иштеши,  элибизди  жана  мугалимдер жамаатын абдан  кубандырып, мектеп жаңы инновациялык бай тажрыйбага маарып калды, — дейт директор.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер