БЕШИНЧИ ЛИЦЕЙДИН БАЛДАРЫНА АТАКТУУ ЧЕМПИОНДУН БАТАСЫ

Кыргыздын атактуу балбаны, оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Бишкектеги №5 улуттук инновациялар мектеп-лицейинин окуучулары менен жолугушуп, жакшы акыл-насаатын айтты.

Атактуу балбан окуучуларга өзүнүн бала чагы, студент курагы жана спорттук карьерасындагы кызыктуу учурларды айтып берди.

«Мен штанга көтөгөндү каяктан билиптирмин. Таш көтөрчүбүз. Бирок физикалык жактан күч бар экен. Анткени, трактирдин телешкасына, машинеге таңгакталган жүктөрдү көтөрүп жүктөп берчүбүз. Ошондо сегизинчи-тогузунчу класста окуйбуз. Азыр сегиз-тогузунчу класста окугандардын алын көргүлө. Былтыр Ошко бир мектепке физкультурадан кафедра ачалы деп барып, жүз баладан араңдан зорго жыйырма баланы тандап алдык».

КМУда тарых факультетине окуп жүргөндө жаман сөз, сөгүнүү дегенден арылыш үчүн чогуу жашаган балдар ар бир жаңылган жаман сөз  ооздон чыкканда бөлмөнүн бир бурчуна бир челек коюп акчалай айып салып турушчу экен. «Эне-атадан акча сурабай эле, ошондон бир жылда чогулган акча менен Алматыга барып «Медео» спорттук комплексин көрүп келгенбиз»,-дейт чемпион.

Жолугушууга билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касмалиев, №5 мектеп-лицейдин тарбия педагогу Болотбек Белеков жана «Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров катышты.

БЕШИНЧИ ЛИЦЕЙДИН БАЛДАРЫНА АТАКТУУ ЧЕМПИОНДУН БАТАСЫ

Болотбек Белеков кыргыз билим берүү тармагына таанымал ишмер педагог, көп жыл бою Нарын райондук билим берүү бөлүмүн жетектеди. Каныбек Осмоналиев менен КМУнун тарых факультетинде чогуу окушуп, өмүр бою дос болуп келатышат. Болотбек Белеков чемпион досуна арнап жазган ырларын окуп берди.

Каныбек Осмоналиев жакшы суроо узаткан алдыңкы окуучуларга өзүнүн баскан жолу жазылган  китептерди белек кылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер