ТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин  Орус тил борборунда  Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен аймактар жана маданий байланыштар боюнча администрациясынын башчысы И.В.Маслов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сейдикеримова, Россия кызматташтыгынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Ф.Зульхарнеев, Талас облусундагы «Альянс Алтын» ЖЧКсынын өкүлү Н.Садырбаев, Россия Федерациясынын «АБ Энерго» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Н.В.Коробовский, Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С.Шаршембиев, Талас облусундагы мектеп, лицей, гимназиянын орус тили жана адабияты мугалимдери жана башка чакырылган коноктор болушту.

ТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

ТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Маалыматка таянсак, Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты 2021-жылдын декабрынан баштап, Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келет. 2023-жылы күзүндө ТалМУда Орус тил борбору ачылган. Анын негизги максаты — Талас облусундагы билим берүү мекемелери менен өз ара биримдикте кызматташуу, мугалимдердин билимин жогорулатуучу курстарды уюштуруу, мастер-класстарды уюштуруу жана өтүү ж.б.

ТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

ТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

— Бүгүн да кубанычтуу күн болду. ТалМУнун Орус тил борбору компьютердик техникалар менен толукталды (20 даана ноутбук). Ошону менен бирге «Пушкиндин тили Чыңгыз Айтматовдун мекенинде» деген темада 11-класстын, 9-класстын окуучулары үчүн жана мектеп, лицей, гимназиянын орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдери үчүн конкурс жарыяланып, аларга берилүүчү сыйлыктардын сертификаттары КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Эсиркеповнага РФнын Президентинин чет өлкөлөр менен аймактар жана маданий байланыштар боюнча администрациянын башчысы И.В.Маслов тарабынан тапшырылды, — дейт окуу жайдын ректору.

ТИЛ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Талас мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор

Ж.С.Шаршембиев РФнын Президентинин администрациясынан келген өкүлдөргө, Россия кызматташтыгынын жетекчисине ыраазычылык билдирүү менен андан аркы кызматташуунун концепциясын тапшырды. Иштин соңунда орус тили жана адабияты кафедрасы тарабынан даярдалган кыска маданий программа тартууланды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер