Токтосейитов Сүйөрбек – некролог

  • 30.04.2025
  • 0

Кыргызстандын билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Токтосейитов Сүйөрбек 2025-жылдын 30-апрелинде 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Токтосейитов Сүйөрбек 1943-жылы Нарын районунун Учкун айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1949-жылы айылдагы мектептен окуп баштап, Куланак орто мектебинен улантып, үч жыл интернатта жатып окуп,  1959-жылы 10-классты аяктаган.

1960-жылы Пржевальскидеги айыл чарба техникумунун агрономия бөлүмүнө тапшырып, 1963-жылы ийгиликтүү бүтүп чыккан.

1964-70-жылдарда Куланак колхозунда башкы агроном, агроном-үрөнчү, учетчик-бригадир болуп иштеген. 1967-69-жылдары Ак-Талаа районунун Коммунистчил колхозунда башкы агроном болуп иштеп, өлкөнүн айыл чарбасына чоң эмгек сиңирип, акчалай жана баалуу сыйлыктарга татыктуу болгон.

1970-жылы КМУнун тарых факультетинин күндүзгү бөлүмүнө кирип, 1975-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыккан. Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун мектептеринде директор, окуу бөлүмүнүн башчысы, селолук советтин председатели болуп иштеген.

1985-жылдан тарта ардактуу эс алууга чыкканга чейин өзүнүн туулуп өскөн Учкун айылында Э. Токсобаев атындагы орто мектепте 10 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин тарых сабагынын мугалими болуп үзүрлүү эмгектенди.

Сабак учурунда чыгармачылык менен мамиле кылып, көп изденип, бай тажрыйбасын колдонду. Окуучулары райондук, облустук олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болушту. Тарых, адам жана коом сабактарынан мугалимдердин райондук усулдук бирикмесин жетектеди.

1982-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган. 2012-жылы «Нарын районунун ардактуу атуулу» болгон.

Токтосейитов Сүйөрбек жаш муундарга талыкпай билим-тарбия берип, чыныгы педагогдун өрнөгүн көрсөттү. Агайдын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айтабыз. Анын өрнөктүү ишмердиги жана жаркын элеси замандаштарынын, кесиптештеринин жана окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Д.Ш. Кендирбаева, М.А. Баймурзаев, Н.С. Джусупбекова, А.С. Кусеинова, К. Чекиров, Б. Белеков, К. Осмоналиев, К. Мамытов, Г. Исакова.    

Бөлүшүү

Комментарийлер