ТОКТОГУЛДА КОНЬКИ ТЕБҮҮЧҮ АЯНТ АЧЫЛДЫ
- 08.01.2018
- 0
Токтогул шаарында 70 адамга ылайыкташкан коньки тебүүчү аянт ачылды. Бул тууралуу анын ээси Сардарбек Момуналиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Сардарбек Момуналиев жайы менен картошка айдап, анын пайдасын коньки аянтын ачууга жумшаган.
- 2018-жылдын 1-январында ачылышы болду. 5 жаштан баштап 60 жашка чейинки жарандар келүүдө. Максаттым хоккей кулубун түзүп, Кыргызстандын хоккейчилерине өнөктөш болуу, — дейт Момуналиев.
Бөлүшүү
Комментарийлер