ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 26.04.2023
  • 0

25-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жалал-Абад облусунун облустук, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугушту.

ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Токтобүбү Ашымбаева окуу жылы аяктап калганына байланыштуу алдыда маанилүү иш-чаралар турганын белгилеп, ЖРТ, PISA жана мамлекеттик экзамендерге даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

“Ар бириңиздердин алдыңыздарда өлкө келечегине байланышкан өтө чоң жоопкерчилик турат. Бул жоопкерчиликти алууда бир аз гана мүчүлүштүк орун ала турган болсо, балдарыбыздын сапаттуу билим алуусу солгунга учурайт. Азыркы муун мурдагы биз билген муундан такыр айырмаланат, ошондуктан замандын талабына шайкеш иш алып баруу — учурдун талабы”, — деди министрдин орун басары.

Бөлүшүү

Комментарийлер