ТОЙ ӨТКӨРҮҮНҮН ЖАҢЫ ҮЛГҮСҮНӨ КОНКУРС

  • 27.04.2018
  • 0

Тойлорду жөнөкөйлөштүрүү жана ысырапчылыкка бөгөт коюу максатында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнүн сценарийине конкурс жарыялайт.

ТОЙ ӨТКӨРҮҮНҮН ЖАҢЫ ҮЛГҮСҮНӨ КОНКУРС

 

КОНКУРСТУН МАКСАТЫ:

 

  •  Тойлорду өткөрүүнүн дүйнөлүк мыкты тажрыйбалары менен улуттук салттарды жана жөрөлгөлөрдү шайкеш келтирүү;
  •  Ысырапчылыкка бөгөт коюу;
  •  Сырттан алынган, сапатсыз кийим-кечектерди, буюмдарды кийитке, белекке таратуу адатынан, кыскасы, ашыкча чыгымдардан арылуу;
  • Тойлордо тамак-аш тартуунун жаңы жол-жобосун иштеп чыгуу (ар башка азыктарды, суусундуктарды жана ичимдиктерди тынымсыз керектөөнүн артынан саламаттыкка зыяны тийип жатканын медиктер айтып жатышат); 
  •  Той өткөрүүнүн жаңы маданиятын калыптандыруу (тамадалардын ролу, ырчы-бийчилердин биринин артынан биринин катышуусу ж.б.у.с.).

 

КОНКУРСТУ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ:

 

  • Конкурска каалоочулардын бардыгы катыша алат;
  • Сценарийлер мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;
  • Сценарийлерде үйлөнүү үлпөтүн, маарекелерди, тушоо
  • кесүү, сүннөт тойлорду өткөрүүнүн жаңы жол-жоболору
  • камтылууга тийиш;

 

Конкурска жиберилген сценарийлер “ТОЙ ӨТКӨРҮҮНҮН ЖАҢЫ ҮЛГҮСҮНҮН СЦЕНАРИЙИНЕ КОНКУРСУНА” деп белгиленип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлөт. Дареги: Бишкек ш., Пушкина коч.78; электрондук дареги: [email protected]байланыш тел. (0312) 621194, 623497

Кабыл алуу мөөнөтү: 2018-жылдын 1-майынан 15-сентябрь саат 12.00гө чейин;

Конкурсту өткөрүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 11ден кем эмес адамдан турган калыстар тобу түзүлөт;

Калыстар тобунун мүчөлөрү конкурска катыша албайт; 

Конкурста жеңип чыккан авторлор (саны чектелбейт) үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 200 000 (эки жүз миң) сом сыйлык ыйгарылат: 

1-орун үчүн 100 000 (жүз миң) сом;

2-орун үчүн 70 (жетимиш миң) сом;

3-орун үчүн 30 (отуз миң) сом.

 

КАЛЫСТАР ТОБУ:

1. Султан Жумагулов, министр – жюринин төрагасы

2. Эмил Токтошев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты

3. Бектемир Мурзубраимов, академик

4. Үмүт Култаева, профессор

5. Түгөлбай Казаков, коомдук ишмер

6. Эшенкул Барпиев, кесипкөй алып баруучу

7. Элмира Ногойбаева, Аналитического Центра «Полис Азия»

аналитикалык борборунун жетечиси

8. Искендер Ормонов, “Седеп” аналитикалык борборунун жетекчиси

9. Тургунбай Алдакулов, МКИТ алдындагы Улуттук маданий

борбордун жетекчиси

10. Нуржигит Кадырбеков, “Ыйман” фондусунун жетекчиси.

11. Олжобай Шакир, журналист

 

 

Жийде Зоотбекова, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы  

Бөлүшүү

Комментарийлер